Франция бийлиги унааларын электр велосипедине алмаштырган жарандарга 2 500 евро берет

Франция бийлиги автоунаасынын ордуна электр велосипедин алууга даяр болгон жарандарга 25 00 евро төлөп берет. Бул тууралуу “Рейтер” агенттиги жазды.

Анда маалымдалгандай, төлөмдөр климаттык кризиске каршы туруу үчүн белгиленет.

Франция 1990-жылга салыштырмалуу 2030-жылга чейин парник газдарынын чыгарылышын 40 пайызын кыскартууга ниеттенүүдө. Эгерде Франция парламенти мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдү биротоло жактырса, анда экологиялык таза транспорттун колдонулушу үчүн мындай каржылык стимулдарды чечкен алгакчкы өлкөлөрдүн бири болуп калат.

“Биринчи жолу автоунааларды экологиялык жактан таза кылуу эмес, жөн гана алардын санын кыскартуу чечими табылганы таанылды”, – деди велосипед федерациясынын өкүлү Оливье Шнайдер.

Буга чейин мындай иш-чараларды өткөрүү Финляндия менен Литвада сунушталган. Финляндия өкмөтү мотоцикл, аз чыгуучу автомобилдерди жана ал тургай коомдук транспортко билет сатып алууну каалагандарга 2 500 евро төлөйт. Литвада эски унааларды саткан адамдарга 1000 евро которулат. Жарандар алынган акчаны каалаган транспорт каражаттарына колдоно алышат.

Белгилей кетсек, Франция 2022-жылга чейин орто мектепте велосипед сабагы менен велосипедчендердин санын үч эсеге көбөйтүүнү максат кылат. Веложолдорду курууга 350 миллион евро бөлүнгөн. Франция Нидерландыга окшош болгусу келет, ал жакта саякаттын үчтөн бир бөлүгү велосипед менен жүрөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.