Франция актриса Айтурган Темировага искусство жана адабият орденинин офицери наамын берди

Франция Кыргызстандын эл артисти Айтурган Темировага “Искусство жана адабият орденинин кызматкери” наамын берди. Бул тууралуу Франциянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, актрисага наам кинодогу карьерасынын 50 жылдыгына карата ыйгарылган.

Искусство жана адабият ордени – Франциянын Маданият министрлиги тарабынан берилген сыйлык.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти жана Кыргызстандын эл артисти Айтурган Темирова 1958 -жылы туулган. М.Күрөңкеев атындагы кыргыз музыкалык -хореографиялык окуу жайын жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз искусство институтун бүтүргөн.

1970-1980-жылдары ал “Кыргызфильм” жана “Казакфильм” киностудияларынын бир катар тасмаларында ойногон. “Бөрү зындан”, “Ак пароход” , “Снайперлер” тасмаларында башкы ролдор менен белгилүү болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.