Февраль айында кандай аба ырайы күтүлөт?

Кыргызгидрометтин болжолунда, февраль айында аба температурасы да, жаан-чачын да орточо климаттык нормада сакталат.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында аба температурасы  0…1 градус жылуу болот, айрым жерлерде бул көрсөткүч 1 градуска жогору болот.  Тоолуу райондордо болсо -2 градуска чейин суук болот. Абанын бир айлык орточо температурасы түнү -9 градуска чейин суук болсо, күндүз 13 градуска чейин жылуу болот.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында бир айлык орточо темература 1…-3° С тегерегинде болот. Түнкүсүн -3ºСден -11ºСге чейин суук, күндү 0… 12ºСге жылуу болот.

Таласта түнкүсү 3-8градуска чейин суук, күндүз 2-7 градус ортосунда жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3ºСден  – 15ºСге чейин суук, күндүзү 5 градус сууктан 6 градуска чейин жылуу болот.

Нарын облусунда күндүз 13-18, түнкүсүн 22-27 градус суук болот. Ат-Башыда аяз күчүн -30ºСге чейин жетет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген