Феликс Кулов: Каныбек Осмоналиев “Ар-Намыстан” чыгарылат

ЖКнын экс-депутаты Каныбек Осмоналиев “Ар-Намыс” партиясынан чыгарылат. Бул тууралуу билдирүүнү партиянын лидери Феликс Кулов жасады.

Куловдун айтымында, Каныбек Осмоналиев партия мүчөлөрүн Садыр Жапаровду колдоо максатында митинг уюштуруп жаткандыгы тууралуу эскерткен эмес.

“Мындай нерселерди ишке ашырууда алдын ала партиядагылар менен кеңешип, анан иш жүргүзүү керек болчу. Садыр Жапаров өзү кайрылуу жасап, митингге чыкпасын деп сурангандан кийин дагы көздөгөнүн кылып, митинг баштаганы туура эмес болуп калды. Ал гана эмес, митингди Ала-Тоо аянтына өткөрүүгө да эч ким уруксат берген эмес”,- деди Феликс Кулов.

Партия башчысы кошумчалагандай, Каныбек Осмоналиевди “Ар-Намыстан” кетирүү иши жакын арада чечилээри каралууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 2-март күнү экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары Бишкектеги Ала-Тоо аянтына митингге чыгышкан. Акциянын катышуучулары бийликке Жапаровду бошотуу талабын коюп, Ак үйгө кирүүгө аракет жасашкан. Мындан улам аларга карай таш ыргыткан “митингчилерди” тартип сакчылары көздөн жаш агызуучу газдын жана кулак тундуруучу гранаттардын жардамы менен аянттан сүрүп чыгарган.

Митингди уюштуруучулар катары Садыр Жапаровдун туугандары жана “Ар-Намыстын” экс-депутаты Каныбек Осмоналиев баш болгон 166га чукул адам Бишкек шаардык ИИМи тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген. Алардын 162си сурактан соң кое берилип, ал эми 4 адам митингди уюштуруучулар катары кармалып турат.

Садыр Жапаров тарапташтарына абактан кат жолдоп, митингге чыкпашын суранды

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген