Фейсбук колдонуучу: Завод же фабрика дебейли, беткап чыгарган кичинекей ишкана ачып бергилечи

“Эгер Ош шаарында кырдаал курчуп кетсе, мен өз каалоом менен жабырлануучуларга жардам берем. Медициналык билимим бар, кандай жол менен болсо да көмөк көрсөтөм” Мындай постту Фейсбуктагы ыктыярчылардын бири өз баракчасына жайгаштырды. Мындай пикирлердин пайда болушу дүйнөнү дүрбөткөн вирустун келээри менен Кыргызстан учурда кандай жардам болбосун кабыл алууга даяр экендигинен кабар берет.

Аталган социалдык баракчада “Шайлоого катышып аткан депутаттар, күчүңөрдү көрсөткүлө, завод-фабрика дебейли, беткап чыгарган ишкана ачып бергиле”, “Чоңдор, элге жардам бергиле” деген сыяктуу посттор байма-бай жазылып жатат.

Мындан улам “Бир бол” партиясынын депутаттары бир айлык маянасын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине которот экен деген сөздөр тарады.

Жардан жардам колун сунган саясатчылардын сап башында 150 миң беткабы менен Аскар Салымбеков турса, 200 миң беткапты Камчыбек Ташиев Сузакка алып барып таратты. Андан соң Өмүрбек Бабанов 5 млн сом каражатты коронавирус менен күрөшүүгө бөлөөрүн билдирген.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев да парламент жыйынында сөз сүйлөп, кесиптештерин жана ишкерлерди өкмөткө жардам берүүгө чакырды.

“Мен убактылуу штабдын банк эсептерине 1 млн сом котороюн деп жатам. Мен сыяктуу силерди да жардам берүүгө чакырам”,-деди Жолдошбаев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген