Фактчекинг: ЖЭБдеги коррупцияга шектелип кармалган Авазов кылмышкерби же андай эмеспи?

“Nazar News” сайты 2018-жылдын 23-апрелинде Гүлжан Шерипбаева аттуу автордун “Темир тордун артына кеткен Салайдин Авазов кылмышкер эмес…”,-деген макаласын жарыялады.

Биз, бул макалага анализ жүргүзүүгө аракет кылабыз. Эмне себептен автор Авазовду толук түрдө кылмышкер эмес деп таамай жазды? Бул жалган маалымат эмеспи? А мүмкүн чындыр. Бирок териштирүү бүтө электе автордун жыйынтык чыгарган маалыматы коомчулукту кандай ойлорго түртөт? Мына ушул жана башка суроолордун айланасында сөз кылабыз.

Буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеп турган Салайдин Авазовду ушул жылдын 17-апрелинде УКМК кызматкерлери Бишкек жылуулук электр борборундагы бир канча коррупциялык иштерге тиешеси бар болушу мүмкүн деп кармаган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканынан ал 2 айга убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Мынтип кармалган адам кандайдыр бир кылмыш ишке шектелгени үчүн суракка тартылат. Эгер далилденбесе, бошотулат. Бирок Авазовдун күнөлүү же күнөөсүз экени тууралуу чечим чыккыча эле “Nazar News” сайты алдын ала “чабал өрдөк эрте учат” болду. Анткен менен, аталган портал “кылмышкер эмес” экенин делилдегенге аракет кылган. Бирок жарыяланган макалада шектүүнүн Жалал-Абад шаарында аткарган жумуштары гана айтылат. А Бишкек жылуулук борборундагы иштери тууралуу бир дагы факт келтирилген эмес. Автор коомчулукка кайрылып, соттун өкүмү жок каралай берүү токтолушу керек деген өзүнүн оюн билдирген.

Чынында Салайдин Авазов деген ким? Анын эмгек жолуна көз жүгүртөлү:

-1994-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты.

-1977-1979-жылдары Жалал-Абад электр станциясынын (ПЭС ПС) кызматынын инженери;

-1979-жылы (Жалал-Абад айыл курулуш адистештирилген көчүрмө мехонизациялаштыруу башкы механизм бөлүмү) башкы энергетик.

-1979-1983-жылдары “Ош облустук айыл чарба энерго” бирикмесинин башкы инженери,жетекчинин милдетин аткаруучу, бирикменин жетекчиси;

-1983-1997-жылдары Жалал-Абад РЭСтин (райондук электр түйүндүн) башчысы;

-1997-2001-жылдары Жала-Абад электр станциясынын,”Кыргызэнерго” акционердик коомдун жетекчисинин орун басары;

-2001-2004-жылдары “Жалалабатэлектро” акционердик коомунун башкы директору;

-2004-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Энергетика мамлекеттик агентигинин директору;

-2009-2010-жылдары “Ошэлектро” ААКтын башкы директору;

-2010-2012-жылдары “Жалалабатэлектро” ААКтын башкы директору;

-2012-2014-жылдары “Электр станциялары” ААКтын башкы директору;

-2014-жылдын август айынан баштап Жалал-Абад шаарынын мэри;

Эмгек жолунда көрүнүп тургандай, ал 2012-2014-жылдарда Бишкек ЖЭБди жетектеп турган. Коррупциялык иштерге тиешеси бар болушу мүмкүн деп кармалаардан толук бир ай башта өзү маалыматтарды бере баштаган. Демек ал аны кармоо операциясына чейин эле өзүнүн актыгын айтып чыккан. “Албетте иштегенден кийин Авазовдун да жоопкерчилиги каралыш керек”,-деген талкуулар чыккан.

Чындыгында “Салайдин Авазовдун ЖЭБде болгон аварияга тиешеси барбы?”,-деген суроо жаралат. Буга өзү Чолпон телеканалы аркылуу маалымат берген. Анда “Насыя бөлүнгөн мезгилде башка жакка жумушка которулуп кеткенмин. Мен ал жерде иштеп турганда акча которулган эмес. Кредиттик келишим түзүлгөндө гана башында болгонмун”,- деген. Бул маекти төмөндөн көрсө болот:

Ал эми “NUR NEWS” телеканалындагы “Ыкчам кабарларда”, укук коргоочу Максатбек Абдыкаимов, Салайдин Авазовго текшерүүгө алынышы керек деген бир канча айыптоолорду айтат. Ал өзүнүн жеке менчигине өткөрүп алган мамлекеттик мүлктөрүн да санаган. Тергөөнүн жүрүшүндө толугураак иликтенип, камакка алынышы керек деген оюн билдирет Абдыкаимов.

Ал эми “Эркин Европа\Азаттык” порталы ЖЭБдеги кырсык боюнча атайын депутаттык курамдан комиссия түзүлгөнүн кабарлайт. Анда айтылгандай, териштирүү жана тактоо иштери бүткөн соң, депутаттык комиссиянын корутундусунун долбоорундагы маалымат такталган. Ага  караганда, контракттык макулдашуу боюнча Кытайдын Эксимбанкы 386 миллион доллар насыянын эсебинен 115 миллион 800 миң доллар өлчөмүндөгү авансты 2014-жылы 29-майда которгон. Бул “Электр станциялары” ишканасынын ошол кездеги жетекчиси Салайдин Авазовдун учуруна туура келет. Андан көп өтпөй эле ал башка кызматка которулуп кеткен. Корутунду долбоорунда эмнегедир аталган 115 миллион 800 миң доллар аванс каражаттын каякка сарпталганы так көрсөтүлгөн эмес. Анда аталган төлөм кийинки 2015-жылдан тартып төлөнө баштаган сметалык чыгымдарга кошулуп кеткен. Азырынча УКМКда сурака алынып жаткан Салайдин Авазов жогорудагы корупциялык  кылмыштарга тиешеси бар деген шек менен камакка алынып отурат.

Салайдин Авазовдун соттун бөгөт чарасы катары аларды эки айга тергөө абагында камоого алгандыгы тууралуу иликтөөсүн жарыялашкан. Анда УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун мындай комментарийин берди:

“Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчиси, Жалал-Абад шаарынын азыркы мэри Салайдин Авазовго, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровго жана “Улуттук энергохолдинг компаниясы” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевге Кылмыш-жаза кодексинин 303 (“Коррупция”) беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча иш козголуп, буга байланыштуу алар кармалып, тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда бул жарандардын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат . Бир нече коррупциялык кылмыштар боюнча иш козголду”,-деген Сулайманов.

Авазовдун камакка алынышынан кийин, интернеттеги социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан кызуу талкуу жаралды. Фейсбукта Илимбек Исраилов аттуу колдонуучунун жарыялаган маалыматы талкууга алынып, коомчулук арасында ар түрдүү пикирлер жаралган. Айрымдары Авазовду “коррупционер” дешсе, башкалары бул кишинин таза иштегендигин айтышат.

Талкууда мына ушундай пикирлер айтылган.

Бул – “Nazar News” жарыялаган макаланын соңу. Бул жерде  Авазовго коомчулук тарабынан айтылып жаткан сөздөргө автор жеке өзүнүн оюн гана таңуулайт. Жарыялаган макаласында Салайдин Авазов бир топ жетекчилик кызматтарда иштегенин андагы ийгиликтери тууралуу баяндаган. Бирок бир дагы тастыктоочу адамдардын оюн же маектерин кошуп аларга шилтеме көрсөткөн эмес.  “Темир тордун артына кеткен Салайдин Авазов кылмышкер эмес” –деп  толук ишеним менен айтылган. Мындан улам “Nazar News” сайты Авазовго тилектеш саясатчынын карамагында иш алып барабы деген суроо туулат.

Жыйынтыктап айтканда, шектүү Авазовдун кылмышкер же кылмышкер эместигин сот гана аныктайт. Аны жөнөкөй жарандар “Темир тордун артына кеткен Салайдин Авазов кылмышкер эмес…”,-деп “Nazar News” жазгандай, кесе айтып, жыйынтык чыгарууга болбойт. Демек, бул макала атайын буйрутма менен эле жазылгандай туюлат. А маалымат таратууда анын тактыгын журналисттер өз жоопкерчилигине алып, этият мамиле кылуусу абзел.

 

Бул маалыматты “Сорос-Кыргызстан” фондунун редакциялар аралык тажрыйба алмашуу долбоорунун катышуучусу, Баткен облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кабарчысы Айзада Айталиева даярдады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген