Фактчекинг: Жалган айтсаң, калпың чыгып калат

Маалымат тараткандан кийин, жалган кабарларды, башкача айтканда “фейк жаңылыктарды” текшерген жаңы ыкма журналистикага кире баштады. Ал “факт чекинг” деп аталып, буга чейин АКШда, Европада жакынкы кездери Орусия, Казакстанда колдонула баштады. “Факт чекинг” деген – башкалар жарыялаган маалыматты ачык маалыматтар аркылуу чын же калп экенин кайра текшерүү деп түшүнсө болот.

Фактларды кайра текшерүү боюнча Кыргызстан менен Казакстандын журналисттери атайын машыгуудан өтүштү. Алар “Борбор Азияда медиа сабаттуулукту жана ЖМКдагы плюрализм менен калыстыкты өнүктүрүү” долбоорунун алкагында, фактчекинг жана Эл аралык маалыматтарды чагылдырууну үйрөнүштү. Журалисттерге Британия менен Орусиядан келген тренерлер сабак өтүштү. Бул тууралуу “Медиа өнүгүү борбору” коомдук фондунун юристи Нуржан Мусаева билдирди.

“Долбоор Albany Associates International жана IREX Europe уюмдарынын колдоосунда MediaNet Эл аралык журналистика борбору (Алмата) жана “Кыргызстандагы Медиа өнүгүү борбору” коомдук фонду менен биргеликте Казакстанда ишке ашырылууда”,-деди Н.Мусаева.

Ысык-Көлдөгү окутуу программасына: жалган маалыматтарды аныктоо, маалыматтарды кайра текшерүү, фактчекинг ыкмаларын жана аны менен иштей турган инструменттерди үйрөнүү, ошондой эле Борбор Азия окурмандарына Эл аралык жаңылыктарды жайылтуудагы мыкты делген стандарттар боюнча презентациялар жана практикалык иштер камтылды.

Бул жолу аталган долбоордун ишмердүүлүгүн Британиянын Астана жана Бишкек шаарларындагы элчилиги колдоого алган.

Семинардын негизги максаты – журналистикада фактчекингди өнүктүрүү менен ар бир катышуучу эффективдүү тренер болуп, өзүнүн жаңылыктар бөлүмүндө же редакцияларында, фактчекинг боюнча атайын курстарды өтүүсү үчүн жаңы ыкмалар менен усулдарды үйрөтүү болду.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz