Фактчекинг: Министр Г.Кудайбердиеванын мугалимдердин орточо айлыгы 13800 сом дегени чын

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева 17-апрелде өткөн Жогорку Кеңештин отурумунда эл өлкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашованын “Учурда мугалимдердин эмгек акысы 1367 сомго кыскартылыптыр. Эмне себептен мындай болду?”-деген суроосуна, министр бул боюнча башка дагы мекемелер жооп береши керектигин айтып,  бүгүнкү күндө агартуучулардын орточо айлык маянасы 13 800 сомду түзөөрүн кошумчалаган.

Бул билдирүү коомчулук арасында бир топ талкууларды жаратып, Билим берүү министринин  маалыматы чындыкка дал келбестигин айтып чыгышты. Аталган маалыматты  http://kyr.bulak.kg, https://chagylgan.kg/ сыяктуу маалымат сайттары интернет айдыңына жарыялашып, көптөгөн тартыштарга жем таштады. Ал эми “Азаттыктын” ютуб каналынан түз берилип жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында да, билим берүү министиринин айткандарына таң калып, анын маалыматы иш жүзүндө чындыкка дал келбестигин интернет колдонуучулары жазып чыгышты.

Учурда бул боюнча агартуучулар арасында нааразычылык туулуп, Билим берүү министринин айткандарын төгүндөөгө аракет кылган маалыматтар фейсбук социалдык тармагына  чыга баштады. Андай маалыматтардын бирин Тынчы Атбашингтони аттуу ник менен катталган колдонуучу жарыялаган.

 

Учурда коомчулуктун басымдуу бөлүгү министр берген маалыматты сынга алышып, мугалимдердин эмгек акысы  13 800 сомдон кыйла аз экендигин ырасташууда. Ал ортодо Борбор Азиядагы коопсуздук коркунучтарын жана конфликттерди алдын алуу боюнча иштеген бейөкмөт уюм, “Булан” институту да атайын изилдөөлөрдүн негизинде, мугалимдердин айлык акысы, алыскы аймактарда 3-4 миңдин гана тегерегинде экендигин аныктап чыккан. Бул тууралуу “Булан” институтунун Кыргызстандагы медиакоординатору Назгүл Калмамбетова маалымдады:

Аталган институттун маалыматын жаш мугалимдердин бири, Ош шаарындагы Г.Айтиев атындагы орто мектебинин мугалими Гүлшат Саламат кызы да тастыктады. Анын айтымында, окуусун жаңы бүтүп, иштегени келген жаш мугалимдердин басымдуу бөлүгү 4-5 миң сом гана айлык алышат. Ал акча күнүмдүк керектөөлөргө жетпегенинен улам, жаш кадрлар ишин таштап кеткен учурлар көп эле кездешип келүүдө:

Ал эми бул багытта Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Жеңиш Байзаков, мугалимдердин эмгек акысы алардын алган сааттарына жараша болоорун маалымдады. Андан сырткары, жаңы келген мугалимдерге 3 жыл тажрыйба топтомоюнча алты сааттан ашык сабак берилбей тургандыгын кошумчалады. Учурда Ош шаарындагы мугалимдер орто эсеп менен 10 500 сом айлык алса, айрым агартуучулар 5000 сом менен деле иштеп келишет.

Фейсбук социалдык тармагынын колдоонуучусу Тынчы Атбашингтони мугалимдердин учурда алып жаткан маянасын чагылдырган маалыматын, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан да тастыкталып олтурат.

Эми 5000 сом көлөмүндөгү бир мугалимдин айлык акысын бир ай ичиндеги күнүмдүк керектөөлөрүнө бөлүп көрсөк:

Маселен, эгерде мугалим шаардагы беш күндүк тартиптеги мектепте эмгектенсе, анда ал: 4 жумада 20 күн иштейт. Жаш мугалим орто эсеп менен бир күндө жумушуна барып келиш үчүн кеминде 20 сом, ал эми түштөнүүсүнө 100 сом коротсо, ал бир айда 2 400 сомго чыгым болот. Ал эми алты күндүк эмгек тартибинде иштеген  мугалимдин чыгымы  ушул эле эсепке дагы 880 сом кошулат. Орто эсеп менен 5000 айлык алып иштеген мугалимдин жарым эмгек  акысы (2 500 сом) ошол маянаны алыш үчүн эле коротулат. Ал эми калган 2 500 сом мугалимдин башка чыгамдарын жабууга жетеби, бул чоң суроо. Анткени бүгүнкү  коммуналдык төлөмдөр, кийим-кече, тамак-аш сыяктуу чыгашаларга 2 500 сомду жеткирүү бир топ эле оор болушу айдан ачык.

Кошумча маалымат катары, 2018-жылы өлкө бюджетинен  билим берүү тармагына бөлүнгөн каражаттын 1-январдан тарта сарпталган көрсөткүчүнө назар салсак. Бул маалыматты “Акчабар” сайты жарыялаган:

Каржы министрлигинин “Ачык Бюджет” порталынын көрсөткүчүнө ылайык, жыл башынан бери Билим берүү жана илим министрлиги 5 миллиард сомдон  ашуун  (5, 045, 824, 785 сом) каражат короткон. Анын 3,2 миллиард сому (3, 299, 969, 410) агартуучулардын айлык маянасына сарпталган.

Ал эми, КРнын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2016-жылдын эсеби менен өлкө аймагы боюнча 108321 мугалим жана тарбичы катталган. Алардын 79472 орто мектептердин мугалимдери. (Бул малыматтын учурда жаңыртыла элек).

Агартуучулардын орточо айлык маянасы кандайча 13800 сомду түзөөрүн Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы төмөнкү маалыматтар менен түшүндүрүп беришти. Анда мындай эсептелет:

Башталгыч класстын мугалими

Педогогикалык тажрыйбасы 5 жылга чейин болгон жаш мугалимдин жалпы эмгек акысы: 8221,5 сом+1000 сом = 9 221,5 сом.

Педогогикалык тажрыйбасы 15 жылдан жогору болгон мугалимдин жалпы эмгек акысы: 8221,5 сом+1000 сом +2466,45 = 11 687,95 сом.

Жогорку класстын мугалими

Педогогикалык тажрыйбасы 5 жылга чейин болгон жаш мугалимдин жалпы эмгек акысы: 9865,8 сом+1000 сом = 10865,8 сом.

Педогогикалык тажрыйбасы 15 жылдан жогору болгон мугалимдин жалпы эмгек акысы: 9865,8 сом+1000 сом +2959,74 = 13 825,54 сом.

Демек, министр Г.Кудайбердиева билдирген мугалимдердин орточо айлык маянасы 13800 сом деп билдиргенин төмөндөгүдөй түшүнсө болот: ал жогоруда көрсөтүлгөн стандартты жетекчиликке алып, тактап айтканда, жогорку класстын мугалиминин педогогикалык тажрыйбасы 15 жылдан жогору болгон мугалимдин жалпы эмгек акысын айткан. Ал эми, сааттарды бөлүштүрүүнү мектеп директору чечкендиктен, министрлик көрсөткөн бул суммалар көбөйүп же азайып кетиши мүмкүн. Коомчулукта талкуу болгон 4-5 миң сомдук айлыктар ошол тажрыйбасына жана мектеп директорунун сааттарды бөлүштүрүүсүнөн келип чыгат. Алсак, айрым тоолуу райондордо көп жыл иштеген мугалимдердин айлыктары 20 миң сомго барат.

Кошумчалай кетсек, «Ынтымак» КРТРКсына Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, билим берүү жаатында эмгектенген кызматкерлердин орточо айлык акысы 10400 сомго барабар:

Ал эми аталган комитет мугалимдердин статистикалык орточо айлык маянасын өзүнчө эсептеп чыгарбайт.

 

Бул маалыматты “Сорос-Кыргызстан” фондунун редакциялар аралык тажрыйба алмашуу долбоорунун катышуучусу, Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кабарчысы Адилет Иманов даярдады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген