Фактчекинг: КРнын жаңы депутаты Сагындык Келдибаев РФнын жараныбы?

“Азаттык” сайты “Сагындык Келдибаев депутаттык ишин баштады”,-деген маалыматты чыгарды. Ага ылайык, Жогорку Кеӊешке “Республика – Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча жаңы депутат болуп келген Сагындык Келдибаев 25-апрелде ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Ал вице-премьер-министр кызматына дайындалган Алтынай Өмүрбекованын ордуна келди. Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбекованын ыйгарым укуктарын 24-апрелде мөөнөтүнөн мурда токтотуп, Келдибаевге мандат берди.

Бирок буга чейин govori.tv сайты С.Келдибаевдин кош жарандыгы бар экени, ал Орусиянын да жарандыгын алганы тууралуу кабар тараткан. Ал эми өзү мурда орус жарандыгын алганын, бирок 2014-жылдын 23-декабрында жарандыкта тапшырганын билдирген.​

Анткен менен жаңы депутат Сагындык Келдибаев тууралуу РФнын Красонярск крайы боюнча Ички иштер министрлигинин Башкы башкармачылыгынын башчысы С.В.Беляков  Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын өтүнүчү боюнча жооп берип, ал чындыгында РФнын паспортун 2012-жылдын 11-сентябрында алганын тастыктаган кат жөнөткөн. Бирок катта көрүнүп тургандай, жооп 2015-жылдын 15-декабрында келген.

Бул маалыматты ЖКнын мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева фейсбуктагы баракчасына жарыялап, Келдибаевдин жарандыгын тыкыр текшерүүгө алууну өтүнгөн.

Ушул жерде тактоо талап кылынат. Анткени Келдибаевдин Орусия жарандыгынан чыккандыгы тууралуу РФнын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Р.В.Клименко тарабынан берилген каттагы дата туура келбей калууда. Демек, жаңы депутат 2014-жылы Орусия жарандыгынан чыкса, С.В.Беляков бергендей, ал 2015-жылы Орусиянын жараны болуп калууда.

Ыргал Кадыралиева көрсөткөндөй, Келдибаев “Асага+” жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы жана бул компания учурда Орусияда ишин алып барууда.

Бул сүрөт 24-апрелде тартылган. Анда Келдибаев Сагындык Аширалиевич ООО “Асага+” аттуу компаниянын директору деп турат. Бирок 26-апрелде текшергенибизде, Батаева Назгүл Жанышбековна директор экени жазылып турат. Ишкананын даректери менен, катталган күнү да бирдей чыгып атат. Демек, бат эле директорлукту өзгөртө калыштыбы деген суроо туулат.

Назгүл Батаева эки ишканага ээлик кылат:

Эмне үчүн Ыргал Кадыралиева бул маалыматтарды алып чыгып отурат? Анткени 2014-жылы Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге (Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы) Кылмыш кодексинин “Бейбаштык”, “Опузалоо” жана “Өзүм билемдик” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон.  Кадыралиевге иш козголушуна “куралдуу карактоого кабылдым” деген өзгөндүк ишкердин, тактап айтканда, азыркы эл өкүлү Сагындык Келдибаевдин агасы Сактан Келдибаевдин арызы негиз болгон. Ошол үчүн Келдибаевдин депутат болушуна каршы болушу ыктымал деген ой келет.

БШК Сагындык Келдибаевдин жарандыгын тактадыбы?

Бош калган мандатты өткөрүп берүүнү даярдоо процессинде, КР БШКсы С.Келдибаевдин талапкерлигинин мыйзамда орнотулган талаптарга ылайык келүүсүн изилдеп чыкты. Ошентип БШК ага топтолгон маалыматтарды анализдеп чыгып, мындай негизде мандат берди:

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү:

“…КР БШК талап кылган жаңы форма боюнча өзү жөнүндө маалыматтарды берүүдө С.Келдибаев 2006-жылы Россия Федерациясынын жарандыгын алгандыгын, жана ал жарандык жеке арызы боюнча 2014-жылдын 23-декабрында токтотулгандыгын билдирген. КР БШКга С.Келдибаевдин Россия Федерациясынын жарандыгы 2014-жылдын 23-декабрында токтотулгандыгы жөнүндө Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин 2018-жылдын 14-мартында берилген маалым каты тапшырылган.

Ошол эле учурда, 2018-жылдын 24-апрелинде КР БШКга бир катар коомдук уюмдардын (“Биз биргебиз” КУ, “Өзгөн айымдары” КУ, “Жаштардын демократиялык партиясы” саясий партиясы, “Жаштар Ынтымагы” демилгелүү тобу, “Жаштардын Республикалык Союзу” ЭКУ, “Демократ эл аралык институту” КУ, “Орион” КУ) өкүлдөрүнөн кайрылуу келип түшкөн, анда алар С.А.Келдибаевдин башка өлкөнүн жарандыгы бар же жок экенин кылдат иликтөө жүргүзүүнү суранып, төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелген:

  1. Ош облустук ИИБнын начальниги М.Бороновдун суроо-талабы боюнча Красноярск крайынын ИИБнын С.А.Келдибаев 2012-жылда паспорт алгандыгы жөнүндө 2015-жылдын декабрындагы каты;
  2. 2012-жылдын октябрына карата С.Келдибаев “Асага+” ЖЧКнын жетекчиси болгондугу жөнүндө архивдик маалым кат.

Берилген көчүрмөлөрдү карап чыгып, БШК 2015-жылдагы Красноярск ИИБнин катында 2012-жылы паспорт алынгандыгы көрсөтүлгөндүгүн белгилейт. Бул катта суроо-талап алынган 2015-жылда Россия Федерациясынын жарандыгы бар экендиги көрсөтүлгөн эмес.

Бул маселе боюнча С.Келдибаев 2006-жылдан 2014-жылга чейин Россиянын жараны болгон учурда, россия мыйзамдарынын талаптары боюнча 45 жашка толгондугуна байланыштуу 2012-жылы паспорт алмашкандыгын түшүндүрдү. Ошондой эле 2012-жылда Россияда “Асага” ЖЧКнын директору болгондугун жана ал уюм кийин жабылгандыгын билдирди.

С.Келдибаевден анын жеке маалыматтарын топтоого жана иштетүүгө, анын ичинде КР БШК коомдук уюмдардын кайрылуусунда көрсөтүлгөн маалыматтарды тактоосу үчүн зарыл учурда башка өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен маалымат алмашууга макулдугу алынды”.

Эми биз, “Бул катта суроо-талап алынган 2015-жылда Россия Федерациясынын жарандыгы бар экендиги көрсөтүлгөн эмес”,-деп БШК берген маалыматка көңүл бурабыз. Красноярск ИИБнин башчысы С.Беляков берген катта чындыгында Келдибаевде РФнын “жарандыгы бар” деген текст жок, бирок 2012-жылы РФдан паспорт алгандыгы жана ал паспорттун каттоосу Красноярск шаарындагы Крайняя көчөсүндөгү 2 А үйүнүн 146-батиринде турат деп айтылган.

БШК ушул жерден С.Беляковдун катында “жарандык алган”,-деген жери жок дегенге такап отурат. Бирок ал каттагы “каттоодо турат”,-дегенге көңүл бурбай койгон. Анткени БШКнын маалыматында бул тууралуу эч кандай сөз козголгон эмес. Демек, паспорт алса, ал деген жарандык алды деген кеп да.

Ал эми “Асага+” ишканасы тууралуу маалыматты жогоруда көрсөттүк. Ал жоюлбай эле, башка адамдын атына кайра каттоого алынган. Анткени бардык даректери, маалыматтары кийинки ээси болушу мүмкүн деп шек кылган адам менен (Назгүл Батаева) мурункусунуку (Келдибаев) бирдей чыгууда.

Ошондой эле Келдибаевдин РФдагы паспортунун сериясы менен номурун текшергенде мындай документ “жоктордун арасында жок” болуп чыкты. Демек, РФ жарандыгынан чыга элек дегенди билдирет.

 

Демек, БШК кош жарандыгы бар деп шек жараткан адамды толук кандуу жана эл ишене тургандай кылып текшерген жок. Бирок мандат берди.

 

Бул маалыматты “Сорос-Кыргызстан” фондунун редакциялар аралык тажрыйба алмашуу долбоорунун катышуучусу, Нарын облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кабарчысы Сыргак Бактыяр уулу даярдады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген