Fact cheking: КСДПнын депутаты Гульсана Эсенбаевага кылмыш иши козголобу?

Шайлоого үгүт иштери жүрүп жаткан учурунда жалган маалыматтарды таратуу өнөкөткө айланган. Бул бир эле Кыргызстанда эмес, башка мамлекеттерде деле болуп келет. Жалган маалыматтарды негизинен саясий упай алыш үчүн таратышат. Тилекке каршы, чындыкка окшогон жалган билдирүүлөр эл арасында чындык болуп жашай берет. Азыр эл аралык тилде айтылгандай, “фейкньюстарды” текшерүү ыкмасы өнүгүү алдында турат. “Fact cheking” – кыргызча айтканда, фактыларды текшерүү менен жалгандын бетин ачууга болот. Бул ишти жүргүзүүдө – интернеттеги ачык маалыматтардын жардамы өтө чоң.

Демек, биз, президенттик шайлоого карата үгүт иштери жүрүп жаткан убакта “КСДПнын депутаты Гульсана Эсенбаевага кылмыш иши козголот” деген маалыматты текшерип көрөбүз. Бул маалымат чынбы же жалганбы, fact cheking`ден окуңуз жана маалыматты баалаңыз.

“КСДПнын депутаты Гульсана Эсенбаевага кылмыш иши козголот” деген маалыматты 2017-жылдын 18-сентябрь күнү эч кандай паспорту жок “Телеграф” аталышындагы сайт жарыялаган.

Анда мынтип айтылат:

“Ош шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын депутаты Гульсана Эсенбаевага кылмыш иши козголушу мүмкүн. Кылмышка жүйө деп анын Ош шаардык кеңешинин мурдагы чакырылышында туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп айлык алып иштеп, ошол эле учурда санэпидемстанцияда иштеп эки жактан тең айлык алып тургандыгы.

Мындан тышкары Ош шаардык кеңешинде туруктуу комиссиянын курманыда болгон маалда, шаардык бюджетти эффективдүү пайдаланбай, өзүнө кабинет бөлдүрүп, ага ремонт кылам деп бир топ каражатты жөнү жок сарптап салган.

Ош шаарынын тургундарынын айтымында учурда Г. Эсенбаева Президенттикке талапкерлердин бири Сооронбай Жээнбековду колдоп анын атаандаштарына каршы активдүү кара пиар жүргүзүп жатканын айтышууда.

Мындан тышкары ишенимдүү маалыматтарга ылайык Ош шаардык кеңешинин депутаты Гульсана Эсенбаевага дагы бир нече берене менен кылмыш иштери ачылышы мүмкүн. 

Мындан тышкары депутаттын жолдошунун дагы кыңыр иштери боюнча бир нече фактылар аныкталып, учурда териштирүү иштери башталганы турат”.

Бул маалыматты http://telegra.ph/ интернет сервисинде жарыялашкан. Ал интернеттеги социалдык сервис. Анда каалаган эле адам текст, сүрөт жана видеолорду жайгаштыра алат.

Аталган сервис боюнча кенен маалыматты бул жактан окусаңыздар болот: 

Маалыматтагы сүйлөмдөрдүн курамын текшерсе, мындай болуп чыкты:

Аталган сервистеги маалыматты azattyk.org сайтына шилтеме кылганы менен, анын гиперссылкасы жок. Тема “…кылмыш иши КОЗГОЛОТ” деп бүтүм чыгарып жазылганы менен, негизги текстте “…кылмыш иши КОЗГОЛУШУ МҮМКҮН” делген. Ошентип дал келбестик, алгачкы текстте көрүнөт.

Андан ары, azattyk.org сайтына шилтеме кылганы менен бул тууралуу маалыматты ким, качан, кайсы жерде айтканы тууралуу маалымат жок. Ал маалыматтагы текстти келтиребиз:

“…Кылмышка жүйө деп анын Ош шаардык кеңешинин мурдагы чакырылышында туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп айлык алып иштеп, ошол эле учурда санэпидемстанцияда иштеп эки жактан тең айлык алып тургандыгы…”.

Гульсана Эсенбаева чындыгында Ош шаардык кеңешинин мурдагы чакырылышында туруктуу депутаттык комиссиясында төрайым болгон. Өзү менен байланышканыбызда, ал жерде айлык алып иштегенин тастыктады. Бирок, санэпидемстанциянын (телеграфтын маалыматында шаардыкпы же облустукпу айтылбайт) шаардык башкармалыгында 1990-жылдары иштеген. Акыркы иштеген жери санэпидемстанция эмес, Ош шаардык ветеринардык башкармалыгы болгон, бирок ал жактагы жумушунан быйыл кеткенин айтты.

Маалыматтан дагы келтиребиз:

“…Мындан тышкары Ош шаардык кеңешинде туруктуу комиссиянын курманыда болгон маалда, шаардык бюджетти эффективдүү пайдаланбай, өзүнө кабинет бөлдүрүп, ага ремонт кылам деп бир топ каражатты жөнү жок сарптап салган…”

Бул айтылгандар боюнча мындай маалыматтар чыкты: “…бир топ каражатты жөнү жок сарптап…”,-деген текстте тактык жок. Канча сумма экени айтылбайт. Ал эми Эсенбаева кабинет бөлүнгөнү тууралуу маалыматты тастыктап, бирок ал депутаттардын сессиясында каралып, бөлүнгөнүн айтты. “Ал мамлекеттен атайын эле бериле турган кабинет да, анан эмне эшикте иштейлиби?”,-дейт депутат.

Дагы бир көңүл бурула турган нерсе: кылмыш иши шаардык прокуратурада козголгону жатабы же облустук прокуратурадабы маалымат жок.

Эсенбаеванын сүрөтүнөн сапаттуусу тандалган. Тактап айтканда, Ош шаарында иштеген сүрөтчү Алина Сыдыкованын 17-марттан 20-майга чейин өткөн “Күзгү баарын сактайт” деген фотокөргөзмөсү үчүн тартылган портреттик сүрөтү колдонулган. Бирок фото кимдики экенин айтып, шилтеме берген эмес. Бул жерде автордук укук бузулган.

Шаардык кеңештин депутаты менен сүрөтчүнүн фотосу.

“Азаттыктын” сайтын текшергенибизде Гүлсана Эсенбаева боюнча бир гана маалымат чыкты. Ал – 2012-жылдын 10-мартындагы “Ош: “Улуттар биримдиги” көпчүлүктү түзбөй калышы да мүмкүн”деген макала. Сайт биз сөз кылып жаткан тема боюнча маалымат берген эмес. Муну “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков да белгиледи.

Белгилей кетсек, “Азаттык” сайты ГУлЬсана деп жазбаса керек, анткени аталган редакция кыргыз тилинин мыйзамдары сакталышына кызыктар. Эгер жазса, Гүлсана Эсенбаева деп эле жазмак деген ойго келдик. Бирок Эсенбаеванын паспортунда Гульсана Эсенбаева деп жазылып калганын өзү тастыктады.

Гүлсана Эсенбаева “Фейсбук” баракчасында президенттикке КСДП көрсөткөн талапкерди тандаганын бир эмес, бир нече жолу жарыялаган.

Дагы бир кызык маалыматты айта кетсек, эч кандай илээшчеги жок маалыматты “Nazar News” сайты жарыялап салганы болду. Алар да “Булак: “azattyk.org” деп чыгарган. Аны Перизат Кутманалиеванын авторлугунда жарыялашкан. Перизат Кутманалиева деген реалдуу адамбы? Же жалган атпы? Муну интернеттеги ачык булактардан текшердик.

Алгач Кыргызстанда көбүрөөк колдонулган “Фейсбуктан” Перизат Кутманалиева деген ысымды издегенде эле, мындай аталыштагы баракча бар экенин ачып берди. Болгондо да ошол “Nazar News” сайтына жарыяланган материалдарды бөлүшкөн баракча экен. Эң кызыгы – “КСДПнын депутаты Гульсана Эсенбаевага кылмыш иши козголот”,-деген маалыматты (http://www.nazarnews.kg/news/13446) ошол баракчага бөлүшкөн.

 

Ачык маалыматтарында көрсөтүлгөндөй, Перизат Кутманалиева И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Эл аралык журналистиканы окуганы жазылган. Анткен менен профилине “пресса” деген жазуусу бар сүрөттү койгонуна караганда бул реалдуу эмеске окшошот. А бирок башка “Фейсбук” колдонуучулар “Перизат Кутманалиева” деген ысымды белгилеген фотолорун Перизат Кутманалиева деген колдонуучунун баракчасынан көрүүгө болот.

Аталган сайтка күнүнө 10 миңден ашык адам кирип турат.

Жыйынтыктап айтканда, “КСДПнын депутаты Гульсана Эсенбаевага кылмыш иши козголот” деген маалымат “фейкньюс”, башкача айтканда, жалган маалымат деп жарыялайбыз. Анткени Ош шаардык прокуратурасы бул боюнча маалымат тараткан жок.

Шайлоого үгүт иштери жүрүп жаткан учурда бир партиянын өкүлдөрү башкаларды жаманатты кылган маалыматтар көп тарап жатат. Ар бир маалыматтын чын-төгүнүнө интернет колдонуучулар көңүл бурушу керек. Ошол эле учурда жалган маалымат таратууда ар бир адам жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экендигин эске салабыз.

Белгилей кетсек, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо” боюнча 329-беренесине ылайык, жалган маалымат тараткандар беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка жыгылат же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Макаладагы башкы фото: Алина Сыдыкованыкы

Макаланын автору: Дастан Осмонов

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.