Fact Checking: “Мегакомду” сатып алууга адам чыкты. “Нагорнаянын анчалык акчасы жок”

“Мегаком” компаниясын сатып алууга Елена Нагорная аттуу орусиялык жарандан 2017-жылдын 25-сентябрында кечке жуук арыз түшкөн. Кыргызстандын Мамлекеттик мүлк фондунан “Азаттык” сайтына билдиришкендей, Нагорная ишкананын 100 пайыз акциясын сатып алууга кызыктар экенин билдирген.

Бул маалыматты “Азаттыктан” сырткары, Кыргызстандын http://24.kg,  http://kaganat.kg жана башка сайттары Мамлекеттик мүлк фондуна шилтеме берип жарыялашты. Андан сырткары орусиялык маалымат каражаттарынын айрымдары да бул тууралуу маалымат беришти.

Аталган порталдар Жогорку Кеңештин депутаттарынан, министрликтин жана башка мекемелердин өкүлдөрүнөн турган комиссия Нагорнаянын арызын карап, анын сунушуна макулдук берүүнү туура тапты деген маалыматтарды беришти. Аларда айтылгандай, мекеме сүйлөшүү процессин баштаган.

“Мегакомду” сатып ала турган адамдын аты аталып, аны КРнын Мамлекеттик мүлк фондуна шилтеме кылып ишенимдүү булактар, башкача айтканда, расмий сайттар жарыялагандан кийин ага ишенүүгө болот деген бүтүмгө келдик. Бирок биз бул маалымат чын болгон менен, Елена Нагорная тууралуу маалыматтарды тактоого аракет кылып көрдүк.

Чындыгында “Альфа Телеком” (“Мегаком”) ишканасын жеке менчикке сатуу тууралуу  Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан 22-августта токтом кабыл алынып, өкмөт “Альфа Телеком” компаниясын тикелей сатыкка чыгарган. Уюлдук компаниянын баасы 13,5 миллиард сом деп аныкталган. Буга кошумча сатып алууну каалаган потенциалдуу инвестор 7 пайыздык комиссиялык төлөм төлөшү керек. Андан тышкары бул компанияга байланыштуу өкмөткө же мамлекеттик органдарга соттук даттануулар болсо, бул маселелерди чечүү милдетин да алаары айтылган. Арыздар 25-сентябрга чейин кабыл алынмак.

Буга чейин “Мегаком” аукцион аркылуу сатылбай калган. Мындан кийин Елена Нагорная аттуу орусиялык жаран чыгып, 13,5 миллиард сомдук компаниянын 100 пайыз акциясын жалгыз өзү сатып алганы турат. Жогорудагы маалымат каражаттарында айтылгандай, депутаттардан, министрликтин жана башка мекемелердин өкүлдөрүнөн турган комиссия анын арызын карап, сунушуна МАКУЛДУК БЕРҮҮНҮ ТУУРА ТАПТЫ.

Елена Нагорная деген ким? Ал сатып алууга мүмкүнчүлүгү барбы? Кандай бизнестери бар? Эмне үчүн “Мегакомду” сатып алууга батынууда? Мүмкүн ал бул иште “куурчак” эмеспи? Мына ушул суроолорго жооп издеп көрөлү.

Елена Нагорная

Анын расмий сайтындагы маалыматтарга таянсак, Елена Нагорная Орусиянын Ставрополь крайында 1976-жылы 3-мартта төрөлгөн.

Елена Нагорная туулуп өскөн Орусиянын Ставрополь крайы

Билими жогорку: 2004-жылы Москвадагы Чет тилдер жана эл аралык байланыштар институтун аяктаган. Ал эми 2013-жылы Орусиянын Айыл-чарба жана мамлекеттик кызмат академиясында “парламенттик ишмердүүлүктү уюштуруу” программасы боюнча билимин жогорулаткан.

1997-жылдан 2006-жылга чейин жүк ташуу тармагында иштеген. 2012-жылдан бери Кениядан Орусияга чай менен кофе ташыган ишмердүүлүгү бар. Негизинен Африка мамлекеттери менен кызматташат.

Елена айымдын бир канча бизнеси бар. Алардын ичинен:

  • 2014-жылдын 9-январында негизделген «Дом Кении» мекемесин жетей баштаган.
  • Ошол эле жылы т.а. 2014-жылы 6-июнунда түзүлгөн «Африка ТМ» компаниясынын гендиректору (ушул кезге чейин);
  • Дагы ошол эле жылы, б.а. 2014-жылдын 16-июлунда негизделген “Африка мамлекеттеринин соода альянсы” аттуу коммерциялык эмес өнөктөштүгүнүн гендиректору;
  • Ошол эле жылы “Сапаттуу жана коопсуз азык-түлүктөр” деп аталган журналды чыгара баштаган.
  • Ошондой эле Елена Нагорная Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Сергей Поддубныйдын жардамчысы болуп иштейт.

Орусиялык zachestnyibiznes.ru сайтындагы маалыматтарга таянсак, Елена айымдын атына жазылган 6 ишканасы бар.

Ошондой эле каарманыбыз ТВ менен гезиттерде азык-түлүктөрдүн сапатын жогорулатуу жана алардын коопсуздугун сактоо боюнча көп кеңештерди берет.

Нагорная бардык ишканаларын 2014-жылы ачканы менен “Мегакомду” сатып алууга жетээрлик байлык топтогону шек жарата баштады.

Нагорная тууралуу табылган маалыматтар ушулар. Бирок дагы бир кызык маалыматты 2017-жылдын 27-сентябрында kommersant.ru сайты жарыялады. Анда мынтип айтылат: “Кыргызстандын бийлиги 189,8 млн долларлык (компаниянын сатыла турган 13,5 млрд сомдук бааны долларга эсептешкен) MegaCom компаниясын сатып ала турган талапкерди күтүүсүздөн таап алышты. MegaComду сатып алууга Кениядан чай менен кофе ташыган жана Орусиянын телекоммуникация рыногунда таанымал эмес Елена Нагорная аттуу ишкер жалгыз арыз берген”.

Аталган сайт Нагорнаяны “…РЫНОКТО ТААНЫМАЛ ЭМЕС…” деп атады. Ошол эле учурда kommersant.ru жашыруун булагына шилтеме кылып, Мегакомду сатып алууга анда мындай акчасы жок экенин жарыялады. Мындан улам, анын бизнесте жүгүрткөн акчасынан шек жаралды.

Эгерде kommersant.ru сайтынын жашыруун булагы жалган болсо, “Елена айымдын кандай байлыктары бар?”,-деген суроо жаралат. Интернетеги ачык маалыматтарда анын жетекчилик кызматтарынан башка, байлыктары тууралуу маалымат тапкан жокпуз. Анан “мүмкүн ал бул иште “куурчак” эмеспи? Анын артында башка бизнесмендер турган жокпу?”,-деген да суроо жаралбай койбойт. Жогоруда айтылгандай, Елена Нагорная Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Сергей Поддубныйдын жардамчысы болуп иштейт. А мүмкүн ушул депутат турбасын деген шек менен Поддубный тууралуу маалыматтарды карап көрдүк.

Поддубный Сергей Анатольевич 

49 жаштагы Поддубный – Мамлекеттик думанын алтынчы чакырылышынын депутаты. Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты комитетинин башчысынын орун басары. Стол тенниси боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери.

Анын тапшырган декларациясын текшердик. Поддубный 2016-жылы деклорациясын тапшырган эмес, маалымат чыккан жок. Бирок 2015-жылдагы деклорациясында аялы экөөнүн тапкан пайдасы 6 млн 914 миң 230,63 рублди түзгөн. Жашаган үйүнүн жалпы аянты 57,37 квадрат метрди түзөт. Башка эч нерсеси жок.

Поддубныйдын былтыркы тапкан акчасы чоң эсеп менен алганда көбөйдү дейли. Болжолдуу түрдө 10 млн рублди түздү дейли. Бирок баары бир анын бизнеси же башка пайдасы жок болгондуктан, Поддубный “Мегакомду” сатып алууда Нагорнаянын артында тура алмак эмес деген ой келет. А мүмкүн бул иштин артында башка олигархтар барбы. Аны азырынча аныктоого мүмкүн боло элек.

“Мегаком “өзүнүн расмий сайтына компаниянын сатылышы тууралуу маалыматты жарыялаган жок.

2010-жылга чейин “Мегаком” компаниясынын 49 пайыз акциясын Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиев ээлеп алганы, калган 51 пайыз акциясын да башкарып турганы боюнча маалыматтар айтылып келген. Кийин мамлекеттик төңкөрүш болгон 2010-жылы анын жарымы, 2014-жылы толук улутташтырылган. Башкача айтканда, мамлекттин башкаруусуна өткөн.

Бирок бул жерде башка маселе чыгат. Эмне үчүн шарт эле, бардык 100 пайыз акциясы толук улутташтырган эмес деген. Бул суроо боюнча азыр камакта жаткан Садыр Жапаров 2017-жылдын март айында “Жаңы ордо” гезитине берген маегинде айтат. Анткени ал 2010-жылдан кийин депутат болуп турганда, уюлдук компаниянын тегерегинде иликтөө жүргүзүп, ошондо бир кыйла ызы-чуу жараткан билдирүүлөрдү жарыялаган болчу. Ал маекти “КыргызТудей” сайты кайра баскан.

Анын маегинде булар айтылат:

“2010-жылкы ыңкылаптан кийин убактылуу өкмөттөгүлөр “Мегакомду” экиге бөлүшүп, 49 пайызын дароо улутташтырышып, 51 пайызын чөнтөк кызыкчылыктары үчүн жең ичинен сатып жибергенге аракет башташкан. Алар үч топ болушкан. Биринчи топ ошол мезгилдеги президенттин тобу, экинчи топ премьер-министрдин тобу, үчүнчү топ парламенттин тобу. Үчөө үч башка тарапка сатабыз деп аракет кылышкан. Ар бир топтун сатып алуучу кардарлары ар башка тараптар эле. Бир күнү эле кандайдыр бир жолдор менен “Мегакомдун” бир топ кагаздары менин колума тийип калды. Терең изилдеп чыгып, сессияда көтөрүп, баардык кагаздарды 120га көбөйтүп, депутаттарга таратып салдым. Президентке да, премьер-министрге да, спикерге да “Мегакомду” толук мамлекетке алгыла, сатпагыла” деп айттым. Ошону менен бир топ убакытка чейин сатылбай токтоп турду. Кийин байкасам сот аркылуу сатканга аракет кылып башташыптыр. Дароо эле сотторду чакырып алып дагы айттым. Кимде ким “Мегакомдун” 51 пайызын башка бир мамлекеттин олигархына берилсин деген чечим чыгарып берген болсоңор, 20 жылдан кийин да жооп бересинер, өзүңөр камаласыңар деп аларга да бирден копия бердим. Ошону менен 2014-жылга чейин бир дагы сот карабай келди. 2014-жылы айлалары жок 51 пайызы дагы мамлекетке өтсүн деген чечим чыгарышты. Бүгүн “Мегаком” 100 пайыз мамлекеттики болуп турат”.

Камактагы саясатчынын ошондогу бул айткандарын тиешелүү тараптар буга чейин деле четке кагып келишкен. Жапаровдун бул маалыматтарына да ишенүү кыйын. Анткени ал саясатта куугунтукталганы үчүн ушундай маалыматтарды бериши да ыктымал. Ошол эле учурда Мегакомдун “…Жылдык салыгы 4,5 миллиард сомго чейин жеткен…”,-деген маалымат айткан. Ушул маалыматты текшерип көрөбүз.

“Мегаком” компаниясынын 2016-жылдагы мамлекетке төккөн салыгы тууралуу ачык булактарда маалымат жок. Бирок 2010-жылдагы жана 2015-жылдагы маалыматтары бар. Алар компаниянын расмий сайтында жарыяланган. Ага ылайык, 2010-жылы 249 млн 485 миң 451 сом төксө, 2015-жылы 2 млрд 125 млн сом мамлекетке салык төккөн.

Салыкты олчойгон суммадагы төлөп турган компания эмнеге сатууга коюлууда деген суроо туулат. Сатылганы менен деле мамлекетке салык төлөнөт, бирок пайдага чыгуу үчүн “Мегакомдун” жаңы ээси байланышка төлөмдөрдү көтөрүп жибербейби деген олуттуу суроо да чыгат.

21-августта “Альфа Телекомдун” түзүүчүлөрү катары өзүн тааныштырган Penwell аттуу компания маалымат таратып, Стокгольмдогу Арбитражга кыргыз өкмөтүнөн 200 миллион доллар кенемте өндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылганын жарыялаган. Эгер Елена айымга сатылса, бул иш ошол кишиге жүктөлө турган болууда. Анткени ал сатып алууда ушундай жоопкерчиликтерди мойнуна ала турганы айтылды.

Буга чейин Penwell компаниясы “Мегакомдун” 51 пайыздык үлүшүнө дооматы бар экенин жарыялап, бул үчүн соттук териштирүүгө чейин бара турганын эскерткен болчу.

“Альфа Телеком” жабык акционердик коому 2009-жылы түзүлгөн. Кыргызстандын Өкмөтү аны 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери компания үч ирет аукционго коюлуп, кызыккан инвестор болбогонуна байланыштуу аны түз сатуу сунушталган болчу.

ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев ушул “Мегаком” компаниянын тегерегиндеги чуудан кийин камакка алынган.

Белгилей кетсек, “Мегакомдун” Нагорнаяга сатылышы тууралуу маалыматты коомдук активисттер да иликтей башташты. Алардын ичинен коомдук ишмер Эдил Байсалов өз алдынча иликтөө жүргүзүп, “…бул алдамчылык, тоноочулук!”,-деп атады. Анын иликтөөсүн ушул шилтемеден окусаңыз болот.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar