Facebook акылдуу көз айнектерди чыгарды

Facebook белгилүү көз айнектерди чыгарган Ray-Ban компания менен келишим түзүп, аны менен биргеликте микрофон жана камера менен жабдылган акылдуу көз айнектерди чыгарды. Бул тууралуу компаниянын сайтында жарыяланды.

Маалымдалгандай, гаджет 5 пиксельдеги камеранын жардамы менен фото жана видео тартууга, ошондой эле телефондо сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жаңы аппарат эки камера жана динамиктер менен жабдылган. Бул учурда, колонкалар аркылуу чалууларга гана жооп бербестен, музыканы дагы уга аласыз.

Көз айнектердин батареясынын кубаттуулугу бир күнгө жетет жана салмагы болгону 50 гр.

Акылдуу көз айнектин камерасын иштетүү абдан жөнөкөй. Колдонуучу бир гана көз айнектин оң тарабында жайгашкан баскычты басышы керек же: “Эй Facebook, (видео же фото) тарт” деп айтуусу керек болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.