Эзели электр жетпеген Кызыл-Бейит айылына күн батареялары берилди

Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында жүзгө чукул кожолук эми жарыкта жашап, телевизор көрө алышат. Совет доорунда түптөлүп, ушул кезге чейин электр энергиясыз жашаган элдик кубанычында чек жок. Кызыл-Бейит кыштагына зым тартууга азыр каражат жок болгондуктан Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы 50 түтүнгө күндөн энергия алуучу батареяларды, сыналгы жана муздаткычтарды алып берди.

Долбоор  жазып, Энергохолдинг компаниясы менен биргеликте мына ушундай ийгиликке жетиштик.  Бул Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланды. Эми калган үй-бүлөлөргө да жарык жеткирип берсек деп турабыз”,- дейт Ак-Жол аймагынын башчысы  Бердалы Мырзакулов. 

Ар бир үйгө берилген жабдуулардын баасы 100 миң сомдон жогору турат. Күндөн кубат алуучу аппараттар акысыз берилип, бирок ай сайын ар бир кожолук 350 сомдон фондго акча жыйнайт.  Ал каражат бир жыл чогултулуп, бузулган батареяларды оңдоо иштерине жумшалат.

Күн батареялары жеткирилиген Кызыл-Бейитте дагы 34 кожолук жарыксыз калууда. Ак-Жол айыл аймагында Кызыл-Бейиттен сырткары дагы үч айыл бар, аларда электр энергиясы жок.

Ак-Жол айыл аймагында көйгөйлөр көп. Кызыл-Бейитке баруу үчүн Нарын суусун кайыкта кесип өтүшөт. Кыштакта бир да социалдык мекеме жок. Мал чарбасы менен алектенген жергиликтүү эл бул жактан көчүп кетүүнү каалабайт.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген