Европа соту жумушта хижапка салынган тыюуну мыйзамдуу деп тапты

Европа соту мусулмандардын жумуш ордунда хижап кийип жүрүшүнө тыюу салууну мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу БиБиСи кабарлады. Мындай чечимди Европа биримдигиндеги эң жогорку соттук инстанция Франция жана Бельгиянын эки тургунунун доо арызы боюнча чыгарды. Алар жумушта хижапка салынган тыюуну аткарбай, иштен айдалышкан эле.

Сот иш берүүчүлөр хижапка тыюу салуу менен Евробиримдиктин мыйзамдарын бузган эмес, а тыюу салуунун өзү дискриминацияга жатпайт деген тыянакка келди.

2004-жылы Франция өкмөтү, ага улай эле Бельгия да диний символдорду жумуш ордунда демонстрациялоого тыюу салган. Кийин бул чектөө окуучуларга, аларды коштоп келген ата-энелерге да жайылтылган.

Мекемелерде, окуу жайларында хижап же дагы башка диний кийимдерди кийүү көп өлкөлөрдө талаш маселе бойдон калууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген