Европа биримдиги сырткы чек арасын саналуу өлкөлөргө ачты. Тизмеде Орусия, АКШ жок

Европа биримдиги сырткы чек арасын 50дөй өлкөгө ачат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Европа биримдиги өлкөлөрдүн тизмесин эки вариантта иштеп чыгышкан:

Биринчи вариантка: 47 өлкө кирет. Аларда COVID-19 көрсөткүчү Европа биримдигинин орточо деңгээлинен төмөн өлкөлөр.

Тизменин экинчи вариантында: 54 өлкө, мында Европа биримдигинин орточо көрсөткүчүнөн бир аз жогору болгондор.

Жогорудагы экт тизмеге Орусия, АКШ жана Бразилия кирген жок.

Европа биримдиги тышкы чек арасын март айында коронавирус инфекциясына байланыштуу жапкан. Бул биримдикке Европа чөлкөмүндөгү 27 мамлекет кирет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген