Европа Биримдиги чек арадагы окуялар боюнча билдирүү жасады

Акыркы күндөрү көптөгөн жоготууларга учураган Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыңалуунун олуттуу курчушу байкалды. Европа Биримдиги 29-апрелдеги ок атышпоо келишимин жана чек ара маселелерин саясий жөнгө салуу боюнча мындан аркы сүйлөшүүлөрдү кубаттайт.

Европа Биримдиги акыркы күндөрдөгү зордук-зомбулукка өкүнүп, жакындарын жоготкондорго тилектештигин билдирет.

«Европа Биримдиги, анын ичинде Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, Бишкек жана Дүйшөмбү, ошондой эле Брюсселдеги кеңселери аркылуу эки өлкөнүн бийлик органдары менен туруктуу дипломатиялык байланыштар жүргүзүлүп турат. Эки тарап тең келечекте ар кандай чыр-чатактарды болтурбоо үчүн бардык чараларды көрүшү керек ”, – деп айтылат ЕСтин билдирүүсүндө.

Бүгүн айрым жерлерде уланып жаткан кагылышууларды эске алганда, кырдаалды туруктуу жана тынчтык жолу менен чечүүгө жетишүү үчүн, ок атышпоо режими токтоосуз аткарылышы керек.

ЕС эгерде зарыл болсо, чек ара жана суу ресурстарын башкаруу боюнча региондук программаларынын алкагында техникалык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле аймактагы туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылууга саясий колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги баса белгиленди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.