Евразиялык экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2020-жылдагы соңку жыйыны болду

Премьер-министрдин м.а., вице-премьер-министр Артем Новиков видеоконференция форматында өткөн Евразиялык экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2020-жылдагы соңку жыйынына катышты.

12 маселе каралган отурумдун жүрүшүндө ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары менен ЕЭКтин ортосунда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин эмгектенгендерди пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келишимдин жоболорун колдонуу боюнча өз ара аракеттенүү тартиби бекитилди.

Жолугушуунун катышуучулары дары-дармек каражаттарын улуттук процедура боюнча каттоо үчүн  өткөөл мезгилин узартуу маселесин талкуулашты.

ЕЭК кеңеши жасалма вискоздук буласы үчүн бажы алымынын ставкасын 1 жылдык мөөнөткө жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Көрүлүп жаткан иш-чара ЕАЭБде токулбаган жана гигиена каражаттарын өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган.

Ошондой эле COVID-19 менен байланышкан жагымсыз эпидемиологиялык шартта сериялык түрдө өндүрүлгөн продукцияны сертификациялоо боюнча убактылуу чаралар көрүлдү.

Кабыл алынган чечимдин алкагында чектөөлөр мезгилинде продукциялардын ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги аралыктан бааланат.  Ошол эле учурда кабыл алынган чечимге ылайык, убактылуу чараларды колдонуу менен сертификатталган продукциянын техникалык регламенттерге шайкештигине мамлекеттик көзөмөл күчөтүлөт.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.