Евразия өнүктүрүү банкы Камбар-Ата-2 ГЭСине $110 млн берет

Бул акчага ГЭСтеги экинчи гидроагрегат ишке киргизилмекчи. Тиешелүү макулдашууга КРнын Каржы министрлиги менен Евразия өнүктүрүу банкы кол койду.

Инвестициялык насыя 20 жылга, анын ичинде алгачкы беш жылы жеңилдик мөөнөтү менен берилет.

“Бул долбоордун алкагында 120 МВт кубаттуулуктагы экинчи агрегатты ишке киргизүүдөн сырткары биринчи агрегаттын “жабылып калган” кубаттуулугун бошотуучу жабдыктар да орнотулат. Жыйынтыгында кубаттуулук кошумча 40 МВтка өсөт. Ошентип, Камбар-Ата ГЭСинин жалпы кубатуулугу 240 МВт болуп калат”, – деп билдиришти Каржы министрлигинен.

Долбоор Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун жана көз карандысыздыгын бекемдейт, көбүрөөк электр энергиясы иштелип чыкканда тартыштык жоюлат жана кышкысын Токтогул суу сактагычындагы суунун иштетилишин азайтат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген