Эверестти багындырган кыргыз альпинисти алтын орден менен сыйланды

Эверест чокусун багындырган Эдуард Кубатов Улуттук олимпиада комитетинин алтын ордени менен сыйланды. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасында жарыялады.

Белгилүү альпинистке орденди Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти, хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов тапшырган.

“Алтын орден бул Эверестке чыккандыгы үчүн өлкөнүн Олимпиада комитетинин эң жогорку сыйлыгы. Ушундай жогорку жана баалуу орден тапшырып, көңүл бургандыгы үчүн Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетине ыраазычылыгымды билдирем”, – деп жазган Эдуард Кубатов.

Эскерте кетсек, Эдуард Кубатов, 23-майда “Эверест 1” экспедициянын алкагында Гималаи тоолурунун эң бийик чокусун, Эверестти багындырган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.