Этникалык кыргыздар арасында бюджеттик орундар үчүн өткөн сынактын жыйынтыгы чыкты

Кечээ, 15-сентябрда Кыргызстандын аймагындагы этникалык кыргыздар үчүн өлкөнүн жогорку окуу жайларында бөлүнгөн бюджеттик орундарга сынак болуп өткөн.

Тестирлөөгө 19 талапкер катышып, анын жыйынтыгы менен рейтингде жогорку балл алган 15 талапкер окууга сунушталды. Калган төртөө резервде.

Сынак Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында социалдык аралыкты жана тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо менен уюштурулду.

Эми 18-сентябрда Тажикстандагы, 23-сентябрда Өзбекстандагы этникалык кыргыздар үчүн тестирлөө өтөт.

Билим берүү: Этникалык кыргыздар бюджеттик орундар үчүн сынак берди

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген