

Кыргызстандан коңшу Тажикстан менен Казакстанга бодо мал көп сатылып жатат. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Ага ылайык, өлкөдө бодо малдын жана койдун баасы көтөрүлдү.
“1 кг уй этине 10 сом, кой этине 7 сом кошулду. Бул эт багытындагы жандыктардын коңшу өлкөлөргө көп экспорттолушу менен байланыштуу. Аталган азыктын баасын турукташтыруу боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу комитети иш алып барып жатат”,-деди Боронов.
Буга чейин өлкөдө эттин баасы көтөрүлүп, элдин нааразычылыгын жаратып жаткандыгы тууралуу маалымдалган. Анда касапчылар жана сатуучулар аталган продукциянын кымбатташы жандыктардын Өзбекстанга киргизилип жаткандыгынан улам экендигин айтышкан.
- 15.09.2020