Ошто окутуучулар үчүн акысыз окуу курсу уюштурулду

Үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан тарта Ош мамлекеттик университетинин илим изилдөөчүлөрү (магистранттар) жана  окутуучулары үчүн англис тилин үйрөтүүчү акысыз окуу курсу башталат.

Англис тилин үйрөтүүчү окуу курсу изилдөөчүлөрдү жана окутуучуларды чет тилдүү маалымат булактары менен тааныштыруу, англис тилинде нускалуу макалаларды өз алдынча окуу, чет тилдик басылмаларга макала жазуу жана жарыялоо, эл аралык семинар, тренингдерге катышуу максатында уюштурулду.

Төрт айлык окуу курсу акысыз болот. Окууну ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификат берилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.