Эртең Валентина Шевченко рингге чыгат

Эртең, 8-февралда Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC 247 турниринде рингге чыгат. Анын атаандашы 31 жаштагы америкалык Кэтлин Чукагяндан болмокчу. 

Аталган турнир АКШнын Хьюстон шаарындагы Toyota Center аренасында өткөрүлөт. Кеченин негизги урушунда 2 чемпиондук кур ойнотулат.

Анын биринде  мекендешибиз Кэтлин Чукагяндан 3-жолу чемпиондук курун коргойт. Ал эми жарым оор салмактагы чемпион  Жон Жонс Доминик Рейес менен урушат.

Белгилей кетсек, Шевченко 9-августта Лиз Кармуш менен урушуп, 2-жолу чемпиондук курун коргоп калган.

Ал эми Кэтлин Чукагян ушул жылы 2 беттеш өткөрүп, Жоанн Колдервуд жана Женнифер Майяны утуп алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген