Эртең Оштун “Алай” командасы тажикстандык “Истиклол” менен беттешет.

Эртең, 11- апрелде Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жергиликтүү “Истиклол” командасы Оштун “Алай” футболдук клубун кабыл алат.

Аталган беттеш Дүйшөмбү шаарындагы “Памир” стадионунда, Бишкек убактысы менен 20:00дө башталышы күтүлүүдө.

Буга чейин командалар 2017-жылы 2 жолу кездешкен. Анда “Алай” командасы өз талаасында өткөргөн беттеште 3:1 эсеби менен, ал эми коноктогу беттеште 4:1 эсеби менен утулуп калган.

“Алай” футболдук клубу АФК Кубогунун тандап алуу этабында “D” тайпасына туш келген. Анда оштук команда түркмөнстандык “Алтын-Асыр”, “Ахал” жана тажикстандык “Истиклол” командалары менен кез келет.

“Алай” АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында 2 оюн өткөрдү. Анда 7-мартта 1-турдун алкагында “Алай” түркмөнстандык “Алтын-Асырга” 3:6 эсебинде жеңилсе, 13-мартта түркмөнстандык “Ахал” менен беттешип 5:0 эсебинде утулуп калган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген