Эртең Оштун айрым аймактарында жарык өчөт. Тизме

Эртең, 18-мартта электр тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу Ош облусунун жана Ош шаарынын айрым аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу “Ошэлектро” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төмөнкү аймактарда саат 8-00дөн 17-00гө чейин электр энергиясын берүү убактылуу үзгүлтүккө учурайт:

– Ош облусунун: Өзгөн районунун Куршаб, Кызыл-Октябрь айылдары.

– Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүндө.

– Кара-Суу районунун Октябрь, Курбан-Кара, Стант, Тынчтык, Кашкар, Мөнөк, Кенжекул, Кызыл-Тал, Будалык айылдарында.

– Ош шаарынын Жаңы-Турмуш, Беш-Кепе аймактарында.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген