Эртең Оштун айрым аймактарында жарык өчөт. Тизме

Эртең, 3-мартта 35/10-6 кВ электр тармактардагы оңдоо иштерине байланыштуу Ош облусунун айрым аймактарында саат 08-00дөн 17-00гө чейин электр энергиясын берүү  убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу Бул тууралуу “Ошэлектр” АККнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш, Жылкелди, Тельман, Кыш-Абад, Беш–Капа, Казак, Чоок, Савай-Арык, Кожомбак, Тажибай, Жаны-Кызылсуу, Фархад, Ош-3000, Питомник, Фуркат, Медресе, Кыргыз-Чек айылдарында;

Кара-Суу шаарынын Терешкова, Гагарин, Панфилов көчөлөрүндө;

Ош шаарынын Беш-Бадам, Он-Адыр кичи райондорунда жарык жок болот.

“Ошэлектр” ачык акционердик коому калкты убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген