Эртең Оштун айрым аймактарында электр жарыгы өчөт. Тизме

Эртең, 12-октябрда оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Оштун Алай, Чоң-Алай райондорунун бир канча аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Ош Электро” ААКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

12-октябрь 09:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү аймактарга жарык берүү токтотулат:

  • Алай районунун Гүлчө, Кабылан-Көл, Сары-Таш, Талды-Суу, Бүлөлү, Будалык, Коңур-Дөбө, Жошолу, Үч-Дөбө, Сары-Могол айыл аймактарында,
  • Чоң-Алай районунун Кашка-Суу, Жекенди айыл аймактарында,
  • Ош шаарынын Шакиров, Шамшиев көчөлөрүндө, борбордук стадиондо, ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинде, эски автовокзалда, борбордук базарда, М. Горький, Грамотей мектептеринде, Орусиянын Кыргызстандагы консулдугунда электр энергиясы өчүрүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.