Эртең Ошто электр жарыгы өчөт. Тизме

2-апрель күнү Ош шаарынын бир канча аймактарында электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу “Ош Электро” ААКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эрте мененки саат 08:00дөн кечки 17:00гө чейин электр жарыгын берүү төмөнкү аймактарда чектелет:

  • Ноокат районунун Айбек, Көтөрмө, Кашкалдак айылдарында,
  • Ош шаарынын Жапалак, Кеңеш, Орке, Чурулдай, Тээке, Татар айыл аймактарында өчөт.

Аталган мекеме жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген