Эртең Ошто электр жарыгы өчүрүлөт

Жылдык иш пландын негизинде өткөрүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эртең  бир канча аймактарда 7 саатка электр жарыгын берүү чектелет. Бул тууралуу  “Ынтымакка”  “Ош Электро” ААК нын маалымат катчысы Талгат Алиханов билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-ноябрь күнү 09:00 дөн 17:00 гө чейин  Ош шаарынын “Манас-Ата” кичи шаарчасынын И. Раззаков, У. Салиева, Т. Касымбеков көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Ал эми, Кара-Суунун  Шарк айылдык округунун  Фуркат, Таштак айылдарында жана  Маруфий, Бабур, Бакинская, Кош-Таш көчөлөрүндө да жарык берүү чектелет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген