Эртең Ошто 9 саатка электр жарыгы өчөт. Тизме

Электр тармактарындагы техникалык тейлөө иштерине байланыштуу 12- ноябрда Ош облусунун бир катар аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.

  • 12:00дөн 14:00гө чейин Ош шаарынын Кеңеш, Орке, Жапалак, Чурулдай, Тээке, Татар айылдарында;
  • 8:00дөн 17:00гө чейин Кара-Суу районунун Катта-Талдык, Ачи, Мады, Беш-Мойнок, Асан-Чек, Кыргыз-Чек, Каарман айылдарында;
  • 8:00дөн 11:00гө чейин Өзгөн районунун Салам-Алик, Мырза-Аке, Алтын-Булак, Көлдүк, Дөң-Булак айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт.

“Ошэлектр” ачык акционердик коому калкты убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.