Эртең бокс боюнча Азия чемпионаты башталат

Эртең, 29-февралда Иорданияда бокс боюнча Азия биринчилиги старт алат. Чемпионатка Кыргызстандын курама командасы да катышат. 

Турнир 29-февралдан 9-мартка чейин уланып, Токио жайкы олимпиадасына 63 жолдомо ойнотулат. Бул мелдеш олимпиадага жолдомо берилүүчү Азиядагы акыркы турнир.

Мындан сырткары мушкерлер үчүн 13-майдан 24-майга чейин Парижде олимпиадага жолдомо утканы дагы бир мүмкүнчүлүк бар. Бирок, анда дүйнө биринчилиги болуп,  ага жер шарынын эң мыкты мушкерлери катышат.

Белгилей кетсек, чемпионатка Кыргызстандан 7 мушкер жөнөп кетти. Алар, Азат Усеналиев, Акылбек Эенбек уулу, Арген Кадырбек уулу, Нурсултан Маматалы уулу, Омурбек Бекжигит уулу  жана Эркин Адылбек уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген