Эртең, 13-март күнү өлкөнүн айрым аймактарында жарык жок болот. Тизме

13- март күнү электр тармактардагы ремонт иштерине байланыштуу өлкөнүн кээ бир аймактарында саат 8-00 дөн 17-00 чейин электр энергия убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

Электр жарыгы төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

– Ош шаарынын Латипжанов, Ишматов, Жамбул, Учар, Ворошилов, Королев, Балбеков, Набережная, Мушкетов, Навои көчөлөрүндө, Ишматов №1в, 1г, 16, Латипжанов №1, 1а, 3, 3а, 11, 12, 14, 15, 16, 17, Мушкетова № 1, 2, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 13, 14, 15, 17, 18 көп кабаттуу үйлөрдө.

– Кара-Суу районунун Лянгар, Топ-Терек, Талдык, Бек-Жар, Каратай, Лаглан, Тээке, Кызыл-Ой айылдарында жана Караташ айыл өкмөтүндө.

– Араван районунун Төбө- Коргон айыл өкмөтүндө.

– Баткен облусунун:
– Кара-Булак, Суу-Башы, Кыштут, Дара, Бешкент, Кулунду, Маргун айыл өкмөттөрүндө.

Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн «Ошэлектр» ААКу кечирим сурайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген