Эркин күрөш: Азия чемпионатына Тыныбекова жана 3 спортчу катышат

Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы Азия биринчилигине Кыргызстандан 4 спортчу барат. Мындай чечимди Кыргызстан күрөш федерациясы кабыл алды. 

Биринчиликке башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков кол астында Нураида Анаркулова, Назира Марсбек кызы, Айпери Медет кызы жана акыркы үч Азия чемпионатында 1-орунду алган Айсулуу Тыныбекова катышат.

Кезектеги Азия чемпионаты 20-21-февраль күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп, жалпы 10 топтом медаль ойнотулат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген