Эркин Асрандиев: дүрбөлөңгө түшпөңүздөр, өлкөдө азык-түлүк жетиштүү

Социалдык жактан маанилүү товарлар, анын ичинде тамак-аш продуктулары өлкөдө жетиштүү. Жарандардан дүрбөлөң түшпөөнү өтүнөбүз. Мындай өтүнүчү менен вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кайрылды. 

«Өкмөт бардык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөр менен биргеликте облустарда жана райондордо продуктулардын запасына жана бааларына күн сайын мониторинг жүргүзүп жатат. Бүгүн расмий түрдө үч жараныбыздын инфекцияны жуктурганы аныкталгандан кийин биз ири ташуучулар жана ун жана ун азыктарынын негизги өндүрүүчүлөрү менен дагы бир ирет сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алар кампаларда запас жетиштүү экендигин ырасташты», – деди Эркин Асрандиев.

Вице-премьер-министр ошондой эле белгилегендей, региондордо кырдаал жалпысынан туруктуу, алып сатарлык жол менен бааларды негизсиз көтөрүү фактылары катталган жок.

«Болгону, илдетке чалдыккандар Сузак районунун жашоочулары экендиги жарыяланган соң, Жалал-Абад шаарынын базарында тынчсыздануу байкалууда. Адамдар ун сатып алып жатканы маалымдалды. Учурда Жалал-Абад шаарынын мэри баштаган жергиликтүү бийлик органдары калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Муну менен бирге ташуучулар менен Жалал-Абад облусунун базарларына ун жана негизги продуктуларды ташуу зарылдыгы тууралуу байланыштык. Зарылдыгына жараша биз мамлекеттик резервди тартабыз», – деп баса белгиледи ал.

Бүгүн, 18-мартта Сузакта коронавирус катталып, аталган райондо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жарандар Сауд Арабиясына умра сапарына барып келген.

Сузакта илдет катталган айылдарга блок-посттор коюлду

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген