Эркин Абдыразаков: Оштогу автотоктомолордун кожоюну көп

Экономикалык серепчи Эркин Абдыразаков мындай пикирин “Ынтымактын” “Өңүт” прграммасында билдирди.

Анын айтымында Ош шаарында автотоктомолордогу кызматкерлер ар бир унаадан 20 сом алып, 10 сом деп жазылган дүмкүрчөктү карматат.

“Эмнеге мындай десең, “шефке” берем дейт. Ошонун айынан автотоктомолор планды аткара албай жатат. Экинчи борборго караганда Кара-Суу, Ноокат райондорунда токтомолордон киреше түшүрүү мүмкүнчүлүгү канчалык аз экенине карабай, план аткарылып жатат”, – деди Абдыразаков.

Эскерте кетсек, Ош шаарындагы автотоктомолор 2016-жылдагы планды аткара алган эмес. Тактап айтканда, унаа токтоочу жайлардан түшкөн акчанын көлөмү белгиленген сумманын 40%ын гана түзгөн.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz