“ЕРЕМдин” Азия чемпионатындагы атаандаштары аныкталды

31-майда Вьетнамдын Хошимин шаарында  футзал боюнча  клубдар арасындагы Азия чемпионатына  катышуучу 14 командага чучу улак ташталды.

Кыргызстандын чемпиону “А” тобунан орун алды. Бул топто “ЕРЕМ” Вьетнамдын “Тай Сон Нам”, Араб Эмираттарынын “Аль-Дафра” жана  Австралиянын “Вик Виперс” командаларына каршы ойнойт.

Ошентип, чепмионаттагы 14 команда 4 топко бөлүндү. Анда “А” жана “Б” тобуна төрттөн команда жайгашса, кийинки 2 топто үчтөн команда орун алды. Эрежеге ылайык, ар бир топтон упайы көп 2 команда кийинки баскычка чыгат.

Чемпионат Вьетнамда 20-июндан 30-июнга чейин өткөрүлөт.

Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпионаты 2010-жылдан бери Азия футбол конфедерациясынын демилгеси менен өткөрүлүп келет.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген