Эпкин-Баш-Кууганды жолун куруу боюнча тендерди кытайлык компания утуп алды

Эпкин-Баш-Кууганды жолун куруу боюнча тендерди кытайлык компания утуп алды. Бул тууралуу транспорт министрлигинен билдиришти.

Билдиришкендей, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы бөлүгүндөгү 70 чакырымдык жол Азия өнүктүрүү банкынын насыясына курулат.

Буга чейин италиялык компания бул жерди курууну көздөгөн, бирок өткөн жылдын 1 -декабрында аны менен келишим бузулган.

Сынакта жеңип чыккан кытайлык фирма өзүнүн кызматтары үчүн эң аз сумманы – 39 миллион доллар сунуштаган. Учурда аталган фирма Бишкек-Кара-Балта унаа жолун куруп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.