Энелер мектептери тиричилик техникалары менен камсыздалды

Оштогу энелер мектептеринде балдарга тамак даярдоодо шарттар жакшы эмес болуп,  колдоого муктаж болуп турган. Алар жайы кышы очокко от жагуу менен балдарга тамак бышырып, муздаткычтын жоктугунан эт азыктарын күн сайын сатып келишкен. 

Мындан улам, ” Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси Германиянын “Brot fur die Welt” (дүйнөгө нан) уюмунун каржылоосу менен энелер мектебине жалпы 30 муздаткыч жана 30 электр мештерин тапшырды.

Энелер мектеби балдар бакчасынын бир түрү. Алар 2014-жылдан тарта уюштурула баштаган. Учурда Базар-Коргон жана Кара-суу райондорунда жалпы 40 тан ашат. Аны ачууда айылдардагы бош турган үйлөрдү алышып, ошол аймактагы балдар окутулат. Бир айда бала үчүн 500 сомдон 2000 ге чейин, шартына жараша төлөмү бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген