Эне эки баласын өзүнө байлап, боюн сууга таштады. Балдар каза болду

Өзбекстандын Анжиян облусунда 27 жаштагы аял эки баласын өзүнө аркан менен байлап, Шахрихонсой каналына боюн таштады. Аялды тургундар куткарып калган, балдар каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн прокуратура кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, окуя 25-июнда саат он жарым чамасында болгон. Эненин мындай кадамга барышына эмне түрткү болгону азырынча айтыла элек.

Окуя боюнча прокуратура аялга карата кылмыш ишин козгоду. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Өзбекстанда өз жанын кыйгандар тууралуу расмий статистика жок. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өлкөдө аялдар арасында суицид өсүп жатканын билдирген.

Сүрөт: CA-News

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген