Эне-бала өлүмү кыскарды

Кыргызстанда 2014-жылдан 2016-жылга чейин энелердин төрөт учурундагы өлүмү 41%га кыскарса, ымыркайлардын чарчап калышы 19%га азайды. Көрсөткүчтүн төмөндөшүнө Саламаттыкты сактоо министрлиги менен өкмөттүк эмес уюмдардын биргеликте иш алып баруусу түрткү болду.

Эне менен баланын саламаттыгына өзгөчө көңүл бурулган долбоор үч жыл иштеди. Ал убакыт аралыгында Ош, Жалал- Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында 800 дарыгерге эне жана балага натыйжалуу жардам берүү боюнча билим берилди.

Мындан тышкары эне-баланын саламаттыгына төрөт үйлөрүндөгү шарттар дагы терс таасирин тийгизбеши үчүн ЮНИСЕФтин колдоосунда төрт ооруканага суу чыгарылып, канализациясы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Натыйжада 57 миңге жакын энелер жана ымыркайлар заманбап шарты бар жайларда жардам алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ошондой эле эне-бала өлүмүн азайтып, саламаттыгын чыңдоо үчүн заманбап медициналык жабдыктардын да зарылдыгы эске алынды. Дарыгерлердин айтуусунда, ара төрөлгөн баланы жасалма жол менен дем алдырса, ымыркайдын жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болуп, майып балдардын да саны азаят . Заманбап жабдыктар Ош, Жалал- Абад, Баткен жана Ысык-Көл облусундагы бейтапканаларга коюлуп, чыгымдардын баары Япония өкмөтү тарабынан каржыланган.

Журналист: Айдай Беделбек кызы.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.