Эмне үчүн келиндерден баласын тартып алышат? Кыргызстандык аялдардын чыныгы окуялары

Кыргызстанда илгертен калган салтты карманган үй-бүлөлөр бар: жаш жубайлар тун баласын чоң ата, чоң энесинин колуна беришет.

Эч бир эне баласын бергиси келбейт. Бирок жаш келиндер ымыркайы менен чогуу болуу укугун дайым эле коргой албайт. Көбү 20 жашка да толо элек. Аларга кайын журту басым жасайт, эч жакка жардам сурап кайрыла алышпайт. Келиндер ойдон чыгарылган ысымдарга жашынып алып, өз кайгысы тууралуу социалдык тармактарга жазышат. “Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн”  алардын комментарийлерин барактап көрдү.

Комментарийлерге караганда,  “улууларга урмат” көрсөтүүнүн ушундай ыкмасынын курмандыгы болуп, чоң ата, чоң энесинин колунда өскөндөр буга каршы чыгат. Алар балалыгын жылуу сөздөр менен эскеришет. Бирок  ата-энесине кайтып, алардын жанында өзүн жат сезгенин да унутушпайт.

Биринчи окуя

“…Турмушка чыккам, эки жаштагы кызым бар. Кайын журтумдан алыста жашайбыз. Алар баламды бер деп талап кылып жатышат. Мен муну каалабайм, кызым кичинекей да. Мен ата-энесиз чоңойгом, андыктан кызым жанымда болсо дейм, энесин эч ким алмаштыра албайт эмеспи. Күйөөм үй-бүлөдө жалгыз уул, андыктан ал ата-энеси тарапта. Ал жакка кете албайбыз, анткени бул жакта иштейбиз, жакшы акча табабыз жана ата-энебизге жардам беребиз. Жолдошум: “Түшүнсөң, алар жалгыз, зеригишет, бизге экинчисин төрөйсүң, а кызыбызды ата-энеме беребиз, алар жат эмес го”, – дейт. А мен каалабайм. Ушундан уруш чыга баштады. Эгер мени укпасаң, ажырашабыз дейт. Ажырашкым келбейт, бирок кызымды да бергим келбейт. Эмне кылсам? Кеңеш бериңиздерчи”. 

P.S. Ата-энем бар. Бирок чоң энемдин колунда чоңойгом.

Комментарий калтыргандардын арасында кызыңды берип, үй-бүлөңдү сактап кал деген аялдар да бар. Бирок көпчүлүгү чоң ата менен чоң энеге “алаксуунун” башка жолун таап берүүнү сунушташты. Анан да өз кызынан оңой эле баш тарткан күйөө керекпи-жокпу, ушуну ойлонуп көр деп кеңеш беришти.

Экинчи окуя

“Келиндер, салам! Кеңешиңиздер керек. Иштегени кетебиз деп, кызымды кайненеме убактылуу бергенбиз. Кайненем бала мен менен калсын деп туруп алган. Кызымдын келечеги үчүн араң макул болгом. Анын айынан күйөөм менен канча жолу уруштук, бирок моюн сунууга туура келди. Эми жолдошум артка кайткысы жок. Мен: “Баргың келбесе, анда кызымды алып келем, баарын өзүм төлөйм, иш таптым, бакчага жайгаштырам” дедим. Ал апасына айтыштан коркуп жатса керек. Үч ай өттү, апта сайын барганга аракет кылам, бирок кызым мени унутуп калды. Мени эже дейт, анткенине кайненем сүйүнөт. Кайненеме жакшы, кызыма деп бизден акча алат, аны мага каршы бурайт. Кызым мени менен жатам десе, “апаңа кет” деп урушат. Айткылачы, силерде да ушундай болгонбу? Эмне кылсам?”

Комментарийде башка келиндер да өз окуясы менен бөлүшкөн.

“Менде да ушундай абал. Төрөгөндөн беш ай өтпөй, кайненем уулумду айылга алып кетип калды. Күйөөм менен урушуп, мушташтык, аны менен апталап сүйлөшпөй калдым. Анан өзүмдүн апам биздикине келгени жатканда, уулумду ала келиңиз дедим. Балам мени такыр тааныбай койду, биринчи жолу көргөндөй. Жүрөгүм ооруганын айтпа. Баламын көңүлүн тапканга аракет кылам, ал эч бирине ынабайт. Өөп койсом да ыйлайт. Аябай ыйладым, күйөөмө мынтип жашай албайм дедим, балам төрт айда эле мени тааныбай калыптыр. Уулумду алып калдым. Эми кайненем да, кайнатам да мени менен сүйлөшпөй койду”, – деп жазган бир эне.

“Баланы кайтарып алыш керек. Бир тууган эжем жети жашка чейин агам экөөбүздөн бөлөк өстү. Азыр отузга чыгып калдык, бирок ал өзүн бөтөндөй алып жүрөт. Капаланам. Агам экөө тил табыша алышпайт, көп урушушат, дээрлик сүйлөшүшпөйт деле. Биз бир тууганбыз го акыры, алардын мамилеси жүрөгүмдү оорутат”,  -дегин дагы бирөө. 

Kaktus.media редакциясы  теолог, Кыргызстандын Уламалар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликовдун  бул боюнча оюн укту.

– Ата-энесинин көзү тирүү туруп, баланы чоң ата, чоң эне же дагы башка туугандарына берүү салтын ислам колдобойт. Анткени бала атасы, апасы менен чогуу болушу керек. Кийин ал балдар ата-энеси менен чоң ата, чоң энесинин ортосунда эки аранжы жолдо калат. Исламга ылайык, ата-энеси тирүү балдар өз үйүндө жашашы керек,  – деди Маликов.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar