Эми жайыттардын абалын, карды, кургакчылыкты спутник аркылуу биле алабыз

Улуу Британиянын космостук агенттигинин каржылык колдоосу менен Эл аралык гуманитардык уюм Борбордук Азия институтуна сервердин жабдыктарын жана кыргыз маалымат кубунун программаларын берди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат борборунан билдиришти.

Кыргызстандын маалымат кубу өлкөдөгү жайыттардын абалы, кардын запасы, температура, кургакчылык жөнүндө спутниктен тартылган сүрөттөргө жана маалыматтарга ачык мүмкүнчүлүк берет.

Ошентип, айыл чарба министрлиги жана башка кызыкдар болгон уюмдар жердин абалын талдап, ошондой эле тенденцияларды байкап, керектүү чараларды көрө алышат. Кыргыз маалымат кубунда спутник аркылуу 5-10 жыл мурун тартылган сүрөттөрдүн архиви жана маалыматтары бар.

Ошондой эле бул архив күн сайын келип жаткан жаңы маалыматтар менен толукталып жатат.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.