Эми Өзбекстанга телеграммасыз барса болот. ВИДЕО

Өзбекстандын президенти Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кеткенден кийин бир катар кызматташуу багыты аныкталды. Башкача айтканда, бир эле Кыргызстанга эмес, башка чет өлкөлөргө да жабык мамлекет катары жашап келген кошуналардын саясаты ийип баштады. Бизнес менен туризмден баштап, мамлекеттик стратегиялык пландарга чейин келишимдерге жетишилди. Бирок расмий Бишкек аларга ар дайым ачык болуп келген. 2010-жылдагы Кыргызстандагы каргашалуу окуялардан кийин Өзбекстан чегарасын 12 бекетте бир тараптуу жаап, үчөөнө чектөөлөрдү кигизип койгон эле. Арадан 7 жыл өтүп, чегара кайра ачылды.

Өзбекстан чегарасын ачат деген кабар желдей тарап, «Достук» көзөмөл-өткөрүү бекетине бир күн мурун эле тургундар барып алганы айтылды. Бирок маалымат такталып, күнү аныкталган кечээ, 6-сентябрдагы элдин чогулганын айтып болбойт. Эки мамлекеттен тең миңдеген адамдар жарданып келип, жакшылыкка күбө болушту.

Көзөмөл пункттун ачылышына эки тараптан тең расмий адамдар келишти. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда 15 көзөмөл өткөрүү пункттары бар.

“Достук” бекетинин ачылышына – соода, экономикалык багытта эле эмес, саясий, коопсуздук, гуманитардык маселелер жагынан да чоң баа берсе болот дешет саясий серепчилер.

Көзөмөл пунктту ачуу келишими эки өлкөнүн башчылары 5-6-сентябрда Бишкекте жүргүзгөн жолугушуусунан кийин эле ишке ашып отурат. Өзбекстанга Кыргызстандын жарандары мурда деле каттап турушкан. Бирок ал жактан атайын чакыруу келсе гана барышчу.

Кыргызстандан 150дөй адамдан турган делегация Анжиянга барганда чегара ачылды деп жарыяланган. Бирок эл мурдагылай эле телеграмма менен катташкан. Азыр телеграммасыз эле өтө турган болууда.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси Шавкат Мирзиёев президент болгондон кийин жакшыра баштады. 10 жылдай аралыкта эки кошунанын каттоосу үзүлүп калган. Тагыраагы, Өзбекстан бир тараптуу жабык болчу. Карапайым эл туугандарына каттай алышпай калган.

Өзбекстан боор тартуу максатында, Ош шаарында бир мектепти толук куруп берүү үчүн курулуш ишин баштаганына бир айдай убакыт болуп калды.

Ошондой эле Ош шаарындагы Бабур атындагы өзбек музыкалык-академиялык драма театрына каржылык колдоо көрсөткөн. Президенти Шавкат Мирзиёев Бишкектеги жумушчу сапарында Нарын дарыясындагы ГЭСтерди биргеликте курууга макул экендиктерин, керек болсо, каржылык колдоо көрсөтүшөөрүн жарыялады.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz