Эми тендерлерге чиновниктерге байланышы бар ишканалар катыша албайт. Мыйзам ишке ашабы?

Бийлик адамдарына байланышы бар компаниялар эми мамлекеттик сатып алууларга катыша алышпайт. Мындай мыйзамды парламент ушул жылдын 22-февралында кабыл алып, ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул кадам чиновниктер арасындагы коррупцияны кыскартууга өбөлгө түзөт, – дешет демилгечелер. 

Мамлекеттик сатып алуулар агенттиги эми жаңы мыйзам боюнча иш алып барат. Ага ылайык тендерге катышкан ар бир компаниянын кимге таандык экендиги тыкыр текшерилет. Эгер арыз берген компания кайсы бир мамлекеттик кызматкерге таандык болсо же байланыш табылса, ал сынакка катыша албайт. Муну тактоо үчүн учурда агенттик бир катар мамлекеттик органдар менен иш алып барып жатат.

“Биз атайын система менен иштеп жатабыз. Ал системанын негизинде текшерген учурда тендерге катышып жаткан компания кимге таандык экени билиниши керек”,- деп билдирди Каржы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуу департаментинин директору Улан Озунбеков. 

Өткөн жылы агенттик 105 конкурс жарыялап, 42 млрд сомго тендер өткөргөн. Мындан мамлекеттик казынага 6,5 млрд сомго чейин каражат үнөмдөлгөн.

Акыркы жылдары мамлекеттик сатып алуулар боюнча коомчулукта сын-пикирлер көбөйүп, тендерге катышкан компаниялардын басымдуу бөлүгү чиновниктерге таандык экендиги айтылып келген. Мындан улам тармакта жемкорлук күч алып, парламент мыйзамга өзгөртүү киргизген.

Буга чейинки мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкерлер же алардын жакындары тендерге катышкан компаниялардын 20%дык үлүшүнө ээлик кылууга уруксат берилген. Жаңы мыйзам бул норманы четке кагып, жогорудагыдай компаниялардын кызыкчылыгын жокко чыгарат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген