Эми Оштун Кара-Суусунда. Туулган күнгө барган эки аял ууланып каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда уулануудан 2 аял каза болду. Маалыматты райондун акимчилигине шилтеме берип SUPER.KG жазды.

Билдирүүгө ылайык, кечээ бир аял каза болсо, бүгүн, 11-мартта эртең менен бирөөсү каза болду.

“Нариман айылында бир аял киши туулган күн өткөргөн. Биринчи күнү 15 адам конок болсо, экинчи күнү дагы 15 адам конок болгон. Уулануудан конок тоскон аялдын келини жана досу каза болду. Азыр 11 адам ооруканада жатат. Абалдары туруктуу. Ал эми каза болгондор ооруканага өтө оор абалда келишкен”, – деди акимчиликтен.

Эске салсак, буга чейин Аксы районунун Кара-Суу айылында да отурушка барган аталган айылдын 6 тургуну, 3 аял, 3 эркек каза болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.