Эми кыргызстандыктар жер титирөөгө туруштук берчү үйлөрдү курушу керек

Мындай сунушту Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көтөрүп чыкты. Ага ылайык, жаңыдан курулуп жаткан үйлөр сынч тибинде салынганы дурус. Азыр өлкөдө мындай ыкмадагы турак-жайлар Баткен облусунда гана курулат. Артыкчылыгы – жер титирөөдө 9 баллдык көрсөткүчкө чейин чыдайт.

Сейсмология институту билдиргендей, быйыл Кыргыстанда 5-6 баллдык жер титирөөлөр орун алып турат.  Антыктан Өзгөчө кырдаалдар минисртлиги турак-жайларды силкинүүгө туруштук берчүүдөй кылып салууну эскертишет.

Сынч кайсы кылымдан бери колдонулуп келээри анык эмес. Бирок ушул күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой, Баткен облусунда бул ыкма сакталып келет. Мындай үйлөрдү алгач колунда бар, бай-манаптар курган болсо,  эми чыгымы аз деп көбү колдонот. Адистердин иликтөөсүндө сынч менен курулган үйлөр 100 жылдан ашуун мөөнөткө туруштук бере алаары аныкталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.