Эми кыргызстандыктар ӨКМдин кызматысыз эле табият кырсыктары тууралуу алдын ала биле алышат

Эми өлкө тургандары ӨКМден келүүчү маалыматты күтпөй эле, Sropasture.kg сайты аркылуу аба ырайынын 10 күндүк абалын жана кургакчылык, жаан-чачын, үшүк, ташкын туурасында маалыматтарга ээ боло алышат. Бул үчүн атайын жабдуу орнотулду.

Аталган жабдуу “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментине жана Кыргызгидрометке жайгаштырылды.

Табият кырсыктары тууралуу маалымат спутниктер аркылуу Кыргызгидрометтин жабдуусуна жеткирилип, иштелип чыккандан кийин Жайыт департаментинин серверине түшөт.

Учурда Баткен, Жалал-Абад жана Ош шаарлырында аба ырайын жана коркунучтуу гидрометеорологиялык кубулуштарды эрте кабарлоо системасы тууралуу тренингдер өтүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген