Эми фитир садаканы банкомат жана терминал аркылуу берүүгө болот

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы 2019-жылдагы фитир-садаканы  берүүнүн электрондук системасын РСК банкы менен биргеликте иштеп чыкты. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эми ар бир калоочу жаран фитир-садаканы, зекетти банкомат, терминал жана атайын мобилдик тиркеменин жардамында берсе болот.

Ал үчүн Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын РСК банктагы эсептик счетуна өзү каалаган сумманы которо алат.

Мындай ыкма бир топ ыңгайсыздыктарды жоюууга өбөлгө болот.

Орозодо берилүүчү фитир садаканын өлчөмү белгиленди

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген