Эми эргежээл жаңгактар эгилет

Эми дыйкандар катуу жаңгак өстүрүүнүн жаңы көчөттөрүн эгишет. Калифорниядан алып келинип жаткан катуу жаңгактын “Чаллер” сорту, эрте түшүм берип, бир түбүнөн 80 килограммга чейин мөмө берет.

Адистердин айтымында жаңы сорттор Кыргызстандагы жапайы жаңгактардан бир топ артыкчылык кылат. Бою 7 метрден ашпаган эргежээл көчөттөр биринчи эккен жылы эле мөмө бере баштайт. Аны менен катар жар аянтын да көп ээлебейт. Ар бир көчөттүн баасы 430 сомго баалануда.

Мындай маалымат Ош облустук мамлекеттик администрацияда, интенсивдуу бак өстүрүү боюнча Туркиянын «Атлас» компаниясынын өкүлдөрү жана Орто азиядагы “Агропром Трейд” компаниясынын адистери менен болгон жолугушууда айтылды. Аталган компания буга чейин коңшу Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеинде иштеп келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.