Эми Бирдиктүү салык декларациясы түн ортосуна чейин кабыл алынат

Эми Бирдиктүү салык декларациясы түн жарымга чейин кабыл алына баштады. Бул Декларацияны иш убактысында  тапшырууга жетишпей калгандар үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк.

Жарандар отчетту кечки саат 6дан түн жарымына чейин тапшыра алышат. Мындай режим эс алуу күндөрү дагы күчүндө.

Эске салсак, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ишканалар, дыйкан жана фермердик чарбалар, өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырышы керек.

Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр тапшырат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.